Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 28-июлу № 156
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 21-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 376-статьянын экинчи абзацында "же иштин белгилүү түрүн жүргүзүүгө укук берген лицензиядан ажыратууга" деген сөздөр алып салынсын;
2) 537-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларга байланышкан маселелерди жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси укуктуу.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 4-августунда № 91 (2816) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |