Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 28-июлу № 160
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө", "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 29-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
"Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 194-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьянын үчүнчү абзацында "мыйзамдарда" деген сөздөрдөн кийин "жана ушул Мыйзамдын 71-статьясында" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 7-статьянын 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Социалдык жактан коргоонун жаңы күбөлүгүн берүү ушул Мыйзамдын 71-статьясында, ошондой эле күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларынын укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, жеке идентификациялык номерин өзгөртпөстөн жүргүзүлөт.";
3) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 71-статья менен толукталсын:
"71-статья. Жеке идентификациялык номерди өзгөртүү
Ыйгарылган жеке идентификациялык номер төмөнкү учурларда өзгөртүлөт:
- жарандык абалдын актылары чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген учурларда туулган күнүн өзгөрткөндө;
- эки жана андан көп жарандын жеке идентификациялык номерлери бирдей болуп калганда;
- ыйгарылган жеке идентификациялык номеринде жынысы жана туулган күнү жөнүндө маалыматтар ката көрсөтүлгөндө.
Ыйгарылган жекече идентификациялык номерге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө ушул статьянын үчүнчү жана төртүнчү абзацтарында каралган негиздер боюнча, ошондой эле жекече идентификациялык номерди ыйгарууда 2017-жылдын 1-июлуна чейин жол берилген техникалык каталыктарга байланыштуу өзгөчө тартипте жол берилет.
Жеке идентификациялык номерди ыйгаруунун жана өзгөртүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
2-берене.
"Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 434-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-статьянын онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жеке идентификациялык номер - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга бир жолу ыйгарылуучу жана жекече (индивидуалдык) эсепке алуу чөйрөсүндөгү, ошондой эле күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларынын укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, бул адамдарда өмүр бою өзгөрүүсүз сакталуучу индивидуалдык номер;".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 4-августунда № 91 (2816) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- ушул Мыйзамдан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |