Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 2-августу № 167
Дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49, 2024-жылдын 12-январындагы № 14 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
2017-жылдын 21-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешини Жарчысы, 2013-ж., № 9, 990-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15-берененин 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) фармацевттик иш;".
4-берене.
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 9, 407-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуланын 2-бөлүгүндө:
а) бөлүк "каражаттарына" деген сөздөн кийин ", медициналык буюмдарга" деген сөздөр менен толукталсын;
б) "медициналык багыттагы буюмдарга," деген сөздөр алып салынсын;
2) 18-статьянын 2-бөлүгүндө "фармакопеялар жана фармакопеялык беренелер," деген сөздөр алып салынсын.
5-берене.
(КР 2024-жылдын 12-январындагы №14 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6-берене.
(КР 2024-жылдын 12-январындагы №14 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 22-августунда № 95 (2820) жарыяланды
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрсүн жана өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |