Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 2-августу № 167
Дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2017-жылдын 21-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешини Жарчысы, 2013-ж., № 9, 990-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15-берененин 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) фармацевттик иш;".
4-берене.
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 9, 407-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуланын 2-бөлүгүндө:
а) бөлүк "каражаттарына" деген сөздөн кийин ", медициналык буюмдарга" деген сөздөр менен толукталсын;
б) "медициналык багыттагы буюмдарга," деген сөздөр алып салынсын;
2) 18-статьянын 2-бөлүгүндө "фармакопеялар жана фармакопеялык беренелер," деген сөздөр алып салынсын.
5-берене.
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 3, 187-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьяда:
а) статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"Тегерегиндегилер үчүн коркунуч келтирүүчү оорулар - кыска мөөнөттүн ичинде көп сандагы адамдардын ооруп калуусуна жана (же) өлүмүнө алып келиши мүмкүн болгон оорулар.";
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 25 жана 26-бөлүктөр менен толукталсын:
"Социалдык маанилүү оорулар - келип чыгуусу жана (же) таралуусу кандайдыр бир деңгээлде социалдык-экономикалык шарттарга көз каранды болгон оорулар.
Фармацевттик иш - дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып келүүнү, алып чыгууну, сактоону, маркировкалоону, бөлүштүрүүнү, пайдаланууну жана жок кылууну кошуп алганда, дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүү, даярдоо, дүң жана чекене сатуу, берүү боюнча өз ара байланышкан бир же бир нече иш процесстери.";
2) 10-статьянын 1-бөлүгүнүн онунчу абзацында ", медицина багытындагы буюмдардын жана медициналык жабдуулардын" деген сөздөр "жана медициналык буюмдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 13-статьяда:
а) 5-бөлүгүндө "саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 6-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 14-статьянын 9-бөлүгүндө "саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан" деген сөздөр "ишкердиктин субъекттерин текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 30-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Социалдык маанидеги оорулардын жана тегерегиндегилер үчүн коркунуч келтирүүчү оорулардын тизмегин, социалдык маанидеги оорулар жана тегерегиндегилер үчүн коркунуч келтирүүчү оорулар менен жабыр тарткан жарандарга медициналык-социалдык жардамдардын түрлөрүн жана көлөмүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.";
6) 34-статьяда:
а) 2-бөлүгүндө "тартиби саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталат" деген сөздөр "тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгүндө "саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан" деген сөздөр "медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү жана машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 81-статьяда:
а) 7-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 8-бөлүгүндө ", эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 84-статьяда:
а) 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Медициналык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте дары-дармектерге рецепт жазып берүүгө, эмгекке жөндөмсүздүгү жөнүндө маалымкат жана баракча берүүгө укуктуу.";
9) 97-статьянын 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ченемдик укуктук актыларына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6-берене.
"Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2004-жылдын 27-августу, № 73-74) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15-статьядагы "жөнөтүүнү" деген сөз "даярдоону" деген сөзгө алмаштырылсын.
7-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 22-августунда № 95 (2820) жарыяланды
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрсүн жана өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 2-августу № 167
Дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49, 2024-жылдын 12-январындагы № 14 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
2017-жылдын 21-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешини Жарчысы, 2013-ж., № 9, 990-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15-берененин 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) фармацевттик иш;".
4-берене.
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 9, 407-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуланын 2-бөлүгүндө:
а) бөлүк "каражаттарына" деген сөздөн кийин ", медициналык буюмдарга" деген сөздөр менен толукталсын;
б) "медициналык багыттагы буюмдарга," деген сөздөр алып салынсын;
2) 18-статьянын 2-бөлүгүндө "фармакопеялар жана фармакопеялык беренелер," деген сөздөр алып салынсын.
5-берене.
(КР 2024-жылдын 12-январындагы №14 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)