Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 2-августу № 170
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2017-жылдын 29-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 221-статьянын 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) мыйзамда белгиленген учурларда;";
2) 335-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктү өндүрүп алуу күрөө жүйөсүн соттон тышкары тартипте өндүрүү жол-жобосун баштоо жөнүндө кабар жөнөтүлгөн датага чейин милдеттенмелерин аткарууда ырааттуу үч айдан ашык үзгүлтүксүз бузуулар болгондо демилгеленет.";
3) 336-статьянын 3-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Өндүрүп алуу учуруна карата күрөөгө коюлган мүлктүн соодалашуу башталгандагы алгачкы сатык баасы күрөө кармоочу менен күрөө берүүчүнүн ортосундагы макулдашуу менен (335-статьянын 2-пункту), ал эми кыймылсыз мүлккө карата - мыйзамдардын талаптарына ылайык тиешелүү сертификаты бар, көз карандысыз баалоочу адистерди тартуу менен, күрөө кармоочунун жана күрөө берүүчүнүн ортосундагы кошумча макулдашуу менен же болбосо соттун чечими менен (335-статьянын 1-пункту) аныкталат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 22-августунда № 95 (2820) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |