Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 16-октябры № 175
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики | 14 сентября 2017 года |
1-берене.
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 463-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 12-статьянын 4-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 17-статьянын 2-бөлүгүндө:
а) сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- текшерүү жүргүзүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечимге Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамында каралган тартипте даттанууга;";
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- текшерүүнүн натыйжасына Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамында каралган тартипте даттанууга;";
3) 19-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Текшерүүчү кызмат адамынын иш-аракеттерине жана ыйгарым укуктуу органдын чечимине Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик иштин жол-жоболору жөнүндө мыйзамында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн. Административдик даттануу боюнча чечим менен макул болбогон учурда ишкердиктин субъекти сотко кайрылууга укуктуу.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | А. Атамбаев |