Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 16-октябры № 176
"Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 14-сентябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 1, 6-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-берененин 8-бөлүгүндө "ата мекендик жана чет өлкөлүк товарларды" деген сөздөр "чет өлкөлүк товарларды жана Евразия экономикалык бирлигинин товарларын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 8-берененин 6-бөлүгүндө "Бажы бирлигинин" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 11-беренеде:
а) 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. ЭЭЗ башкы дирекциясынын ЭЭЗ ишинин шарттары жөнүндө келишимди түзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарына ылайык административдик (сотко чейинки) тартипте, ал эми андан кийин - соттук тартипте даттанылат.";
б) 13-бөлүгүндө "Бажы бирлигинин" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 12-берененин 10-бөлүгүндө "Бажы бирлигинин" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 14-беренеде:
а) берененин бүткүл тексти боюнча "Бажы бирлигинин" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 12-бөлүгүндө "товарларды бажылык декларациялоо" деген сөздөр "товарларды бажы жол-жоболорунун алдында жайгаштыруу менен байланышкан бажы операциялары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин
Кыргыз Республикасынын Президенти | А. Атамбаев |