Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 20-октябры № 180
2017-жылдын 30-мартында Рабат шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Марокко Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
2017-жылдын 21-сентябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2017-жылдын 30-мартында Рабат шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Марокко Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте Марокко тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | А. Атамбаев |