Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 25-октябры № 183
2017-жылдын 11-майында Никосия шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Майлуу-Суу шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана 2017-жылдын 11-майында Никосия шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Майлуу-Суу шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча Европа бирлигинен берилүүчү инвестициялык грантка карата Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
2017-жылдын 28-сентябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2017-жылдын 11-майында Никосия шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Майлуу-Суу шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча Кредиттик макулдашуу жана 2017-жылдын 11-майында Никосия шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Майлуу-Суу шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча Европа бирлигинен берилүүчү инвестициялык грантка карата Гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | А. Атамбаев |