Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 20-октябры № 177
"Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 21-сентябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 9, 856-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
7-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-бөлүктөр менен толукталсын:
"4. Ушул беренеде көрсөтүлгөн негизги технологиялык жабдуу жана этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны жүгүртүүнүн, анын ичинде алкоголдук продукцияны чекене сатып өткөрүүнүн көлөмүн эсепке алуу үчүн жабдуу этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүүнүн жана (же) жүгүртүүнүн көлөмү жөнүндө маалыматты жазып алуунун жана бирдиктүү мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системага берүүнүн техникалык каражаттары менен жабдылууга тийиш.
Этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмүн өлчөөнүн жана эсепке алуунун автоматтык каражаттарына карата талаптар жана бирдиктүү мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системанын иштөөсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Этил спиртин, алкоголдук, спиртти камтыган продукцияны өндүрүү үчүн негизги технологиялык жабдууну пайдалануучу уюмдардын программалык-аппараттык каражаттары мындай продукцияны сатып алуу, өндүрүү, сактоо жана берүү жөнүндө маалыматтарды кабыл алууну жана берүүнү камсыз кылууга тийиш.
Акциздик маркалар менен маркалануучу алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн негизги технологиялык жабдууну пайдалануучу уюмдардын программалык-аппараттык каражаттары ушул бөлүктүн үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн маалыматтарды кабыл алуу жана берүү менен бир катар төмөнкүдөй маалыматтарды акциздик маркаларга жазууну жана алардан окуй алууну камсыз кылууга тийиш:
1) алкоголдук продукциянын аталышын;
2) алкоголдук продукциянын түрүн;
3) этил спиртинин камтылышын;
4) керектөө идишиндеги алкоголдук продукциянын көлөмүн;
5) алкоголдук продукцияны өндүрүүчүнүн аталышын;
6) алкоголдук продукцияны өндүрүүчүнүн жайгашкан жерин;
7) алкоголдук продукцияны жасап чыгарылган өлкөнү;
8) сапаттын жана коопсуздуктун белгиленген талаптарына ылайык келүүсүнүн ырастоосун;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган башка маалыматтарды.
Акциздик маркалар менен маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттоонун көлөмүн эсепке алуу үчүн жабдууну пайдалануучу уюмдардын программалык-аппараттык каражаттары мындай продукция жөнүндө ушул бөлүктөгү төртүнчү абзацта көрсөтүлгөн маалыматтарды акциздик маркаларга жазууну жана алардан окуй алууну, ошондой эле мындай продукцияны сатып алуу, сактоо жана берүү жөнүндө маалыматты кабыл алууну жана берүүнү камсыз кылууга тийиш.
Маркалануучу алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн, анын ичинде чекене сатып өткөрүүнүн көлөмүн эсепке алуу үчүн жабдууну пайдалануучу уюмдардын программалык-аппараттык каражаттары мындай продукция жөнүндө ушул бөлүктөгү төртүнчү абзацта көрсөтүлгөн маалыматтарды акциздик маркалардан окуй алууну, ошондой эле мындай продукцияны жүгүртүү жөнүндө маалыматтарды кабыл алууну жана берүүнү камсыз кылууга тийиш.
5. Ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн талаптар төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
1) пивону жана спиртти камтыган продукцияны чекене сатуунун көлөмүнө;
2) коомдук тамактанууда кызмат көрсөтүүдө алкоголдук продукцияны чекене сатуунун көлөмүнө;
3) калкынын саны үч миң адамга жетпеген калктуу конуштарда алкоголдук продукцияны чекене сатуунун көлөмүнө;
4) спиртти камтыбаган продукцияны жасап чыгарууда чийки зат же көмөкчү материал катары пайдалануу максатында же болбосо техникалык максаттарда же этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүүгө жана (же) жүгүртүүгө (сатып алууну кошпогондо) байланышпаган башка максаттарда этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны сатып алуунун көлөмүнө;
5) Евразиялык экономикалык бирликтин (мындан ары - ЕАЭБ) укугуна ылайык белгиленген бажылык транзит, бажылык кампа, алымсыз соода, жок кылуу бажылык жол-жоболоруна же атайын бажылык жол-жобого жайгаштырылган этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны жүгүртүүнүн көлөмүнө;
6) мыйзамдарды бузгандыгы үчүн алып коюлган же конфискацияланган этил спиртин, алкоголдук, спиртти камтыган продукцияны сактоонун, аларды сатып-өткөрүүнүн же жок кылуунун мөөнөттөрүнө;
7) фармакопеялык беренелер боюнча этил спиртин өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмүнө;
8) жылына 30 миң декалитрден ашпаган өндүрүштүк кубаттуулукта пиво өндүрүүнүн көлөмүнө.".
2-берене.
Ушул Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | А. Атамбаев |
КР 2023-жылдын 8-августундагы № 168 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ