Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 27-октябры № 185
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 27-сентябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 30-статьянын 5-бөлүгүндө "213-4" деген цифралар "92-статьянын бешинчи бөлүгү, 213-4" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 92-статьяда:
а) 2-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "байытылбаган унду саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо мекемелерине жана башка мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге жөнөтүү" деген сөздөр "байытылбаган унду саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо мекемелерине жана башка мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге жөнөтүү жана пайдалануу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагында техникалык регламенттерге жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык келбеген байытылбаган унду импорттоо жана жүгүртүү -
байытылбаган унду конфискациялоо менен юридикалык жактарга, жарандарга жана жеке ишкерлерге эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
в) эскертүү күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 514-статьянын 1-бөлүгү "91" деген цифралардан кийин "92," деген цифралар менен толукталсын;
4) 521-1-статьянын 1-бөлүгү "ушул Кодекстин" деген сөздөрдөн кийин "92," деген цифралар менен толукталсын;
5) 534-1-статьяда:
а) статья "иштерди карайт" деген сөздөрдөн кийин "жана администрациялык жаза чараларды колдонот" деген сөздөр менен толукталсын;
6) статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын комиссияларын түзүүнүн жана ишин уюштуруунун типтүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | А. Атамбаев |