Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 27-октябры № 186
2017-жылдын 11-майында Никосия шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Өзгөн шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана 2017-жылдын 11-майында Никосия шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Өзгөн шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча Европа бирлигинен берилүүчү инвестициялык грантка карата Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
2017-жылдын 28-сентябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2017-жылдын 11-майында Никосия шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Өзгөн шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча Кредиттик макулдашуу жана 2017-жылдын 11-майында Никосия шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Өзгөн шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча Европа бирлигинен берилүүчү инвестициялык грантка карата Гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | А. Атамбаев |