КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 17-январы № 6
"Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 7-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2017-жылдын 20-июну, № 74) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
5-берененин 3-бөлүгүндө:
а) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси;";
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:
"4-1) Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жээнбеков |