Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 7-декабры № 199 (4)
2017-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы Төлөнбөгөн чегерилген төгүмдөр боюнча карыздарды төлөмдөрдүн планына ылайык жөнгө салуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
2017-жылдын 2-ноябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2017-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы Төлөнбөгөн чегерилген төгүмдөр боюнча карыздарды төлөмдөрдүн планына ылайык жөнгө салуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмуна жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жээнбеков |