Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 7-декабры № 200 (5)
2017-жылдын 26-майында Казань шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттер тарабынан Евразия экономикалык комиссиясы менен өнөр жай товарларына карата өзгөчө субсидияларды ыктыярдуу макулдашуу жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан өзгөчө субсидияларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин берүүсү менен байланышкан териштирүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
2017-жылдын 2-ноябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2017-жылдын 26-майында Казань шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттер тарабынан Евразия экономикалык комиссиясы менен өнөр жай товарларына карата өзгөчө субсидияларды ыктыярдуу макулдашуу жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан өзгөчө субсидияларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин берүүсү менен байланышкан териштирүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасынын тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жээнбеков |