Редакцияот 08.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 8-декабры № 202 (7)

2017-жылдын 20-июнунда Москва шаарында кол коюлган 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы мурда берилген кредиттер боюнча Россия Федерациясынын алдындагы Кыргыз Республикасынын карызын жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга протоколду ратификациялоо тууралуу

2017-жылдын 2-ноябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене.

2017-жылдын 20-июнунда Москва шаарында кол коюлган 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы мурда берилген кредиттер боюнча Россия Федерациясынын алдындагы Кыргыз Республикасынын карызын жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга протокол ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги россия тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С.Жээнбеков