Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 15-декабры № 209 (14)
2017-жылдын 13-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбор Азиядагы жол катнаштарын жакшыртуу программасынын сунушталган үчүнчү фазасын (CARs-3) (TF0A4647) даярдоо үчүн Европа жана Борбор Азия регионунда потенциалды өнүктүрүү боюнча Трасттык фонддун грантын берүү жөнүндө макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу
2017-жылдын 30-ноябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2017-жылдын 13-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбор Азиядагы жол катнаштарын жакшыртуу программасынын сунушталган үчүнчү фазасын (CARs-3) (TF0A4647) даярдоо үчүн Европа жана Борбор Азия регионунда потенциалды өнүктүрүү боюнча Трасттык фонддун грантын берүү жөнүндө макулдашуу-каты ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуу-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жээнбеков |