Редакцияот 21.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 21-декабры № 212 (17)

2017-жылдын 13-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өстүрүү үчүн көндүмдөр" тууралуу (грант № 0552-KGZ жана грант № 0553-KGZ) гранттык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө

2017-жылдын 21-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене.

2017-жылдын 13-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өстүрүү үчүн көндүмдөр" тууралуу (грант № 0552-KGZ жана грант № 0553-KGZ) гранттык макулдашуулар ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Азия өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн гранттык макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С.Жээнбеков