Редакцияот 21.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 21-декабры № 213 (18)

2017-жылдын 18-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча экинчи программа - 3-чакан программа" (грант № 0563-KGZ) гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө

2017-жылдын 21-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене.

2017-жылдын 18-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча экинчи программа - 3-чакан программа" (грант № 0563-KGZ) гранттык макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Азия өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С.Жээнбеков