КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 28-декабры № 222 (27)
Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 27-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 11, 1032-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
8-берененин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 765-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
20-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку жөлөкпул дайындоо жана төлөө бөлүгүндө ушул Мыйзамдын 7, 11, 12, 13 жана 14-беренелеринин жоболорун кошпогондо, ушул Мыйзам 2018-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.";
б) 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында "2018-жылдын 1-январынан" деген сөздөр "2018-жылдын 1-апрелинен" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыяланууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жээнбеков |