Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 30-декабры № 224 (29)
2017-жылдын 20-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Санариптик Борбордук Азия жана Түштүк Азия" (Digital CASA) (TF0A5602) сунушталган долбоорун даярдоого ECAPDEV грантын бөлүү жөнүндө макулдашуу-катын ратификациялоо тууралуу
2017-жылдын 7-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2017-жылдын 20-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Санариптик Борбордук Азия жана Түштүк Азия" (Digital CASA) (TF0A5602) сунушталган долбоорун даярдоого ECAPDEV грантын бөлүү жөнүндө макулдашуу-каты ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына (Дүйнөлүк банк) жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуу-катынын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жээнбеков |