Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 9-январы № 1
"Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 30-ноябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 8, 469-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьянын 4-бөлүгүндө "мекемелеринин" деген сөз "саламаттык сактоо уюмдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-статьяда:
а) 4-бөлүгүндө "дарылоо-алдын алуу мекемелеринде" деген сөздөр "саламаттык сактоо уюмдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан жана пландуу медициналык жардам алуу үчүн Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарына кайрылган чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылбаган адамдарды текшерүү жана дарылоо акысын төлөө негизинде же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.";
3) 5-статьяда:
а) 1-бөлүгүндө:
- үчүнчү абзацында "продукциялар менен тамак-аш азыктарынын" деген сөздөр "продукциялардын" деген сөзгө алмаштырылсын;
- сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- оорунун терминалдык баскычындагы оорулууларды наркотикалык жана ооруну басуучу дары-дармектер менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте акысыз камсыз кылууга;";
б) 2-бөлүгүндө:
- экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ооруканадан сырткары, стационардык, реабилитациялык жана паллиативдик жардам көрсөтүүчү мекемелерди түзөт;";
- төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен консультациялык же дарылоо жардамын алуу үчүн онкологиялык жардам көрсөтүүчү адистештирилген саламаттык сактоо уюмдарына барууга жылына бир жолу жеңилдетилген жол киресин камсыз кылат;";
- бешинчи абзацында "майып" деген сөз "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 6-статьяда:
а) аталышында "мекемелер" деген сөз "саламаттык сактоо уюмдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 2-бөлүгүндө "Менчиктин бардык түрүндөгү саламаттык сактоонун дарылоо-алдын алуу мекемелеринде" деген сөздөр "Менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик менчик формасындагы саламаттык сактоо уюмдары зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга өздөрүнүн уставдык документтерине ылайык медициналык жардам көрсөтүшөт. Жеке менчик формасындагы саламаттык сактоо уюмдары жана өз алдынча дарылоочу врач-онкологдор зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга Кыргыз Республикасында лицензиялык уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарга ылайык берилүүчү лицензиялары болгондо паллиативдик жардам көрсөтүшөт.";
5) 7-статьяда:
а) 1-бөлүгүндө:
- "врач-онколог" деген сөздөр "врач" деген сөзгө алмаштырылсын;
- бөлүк "өзүнүн" деген сөздөн кийин "врач-онколог" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүгүндө "Врач-онкологдун жана" деген сөздөр алып салынсын; "Саламаттык сактоо министрлиги" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 8-статьяда:
а) 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 5 жана 6-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Амбулатордук онкологиялык жардам саламаттык сактоонун адистештирилген уюмдары жана калкка алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү врач-онколог тарабынан көрсөтүлөт.
Зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга медициналык реабилитациялык иш-чаралар оорунун акыркы баскычындагы айыкпас оорулууларга паллиативдик жардам көрсөтүү үчүн саламаттык сактоо уюмдары жана медициналык-социалдык мекемелери тарабынан жүргүзүлөт.";
7) 9-статьяда:
а) үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- врач-онкологду жана менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмун эркин тандап алууга;";
б) сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
в) тогузунчу жана онунчу абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- медициналык-социалдык мекемелерде болууга;
- консультациялык же дарылоо жардамын алуу үчүн онкологиялык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоонун адистештирилген уюмдарына жылына бир жолу жеңилдетилген жол киреге;";
8) 10-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-статья. Кыргыз Республикасындагы онкологиялык жардамдын субъекттери
Кыргыз Республикасындагы онкологиялык жардамдын субъекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- онкологиялык жардам көрсөтүүчү мамлекеттик менчик түрүндөгү саламаттык сактоонун адистештирилген жана башка уюмдары;
- оорунун акыркы баскычындагы айыкпас оорулууларга паллиативдик жардам көрсөтүү үчүн медициналык-социалдык мекемелер. Бюджеттик каражаттар, кайрымдуулук уюмдарынын каражаттары жана жарандар менен уюмдардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары мындай мекемелерди каржылоонун булактары болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген уставга ылайык Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борбору зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга адистештирилген онкологиялык жардам көрсөтүү боюнча жана илимий-усулдук иштерди уюштуруу боюнча саламаттык сактоонун башкы уюму болуп саналат.";
9) 11-статьяда:
а) статьянын аталышында "Онкологиялык мекемелердин" деген сөздөр "Онкологиялык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1-бөлүгүндө:
- биринчи абзацында "Онкологиялык мекемелер" деген сөздөр "Онкологиялык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзацында "дарылоо-алдын алуу мекемелеринен" деген сөздөр "саламаттык сактоо уюмдарынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 2-бөлүгүндө:

- экинчи абзацында "жалпы дарылоо тармагынын мекемелерине" деген сөздөр "саламаттык сактоо уюмдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында "Жалпы дарылоо тармагынын мекемелери" деген сөздөр "Саламаттык сактоо уюмдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 13-статьяда:
а) 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында "бюджеттердин" деген сөздөн кийин ", милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун сактоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык калкка акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн;";
11) 15-статьядагы "Менчиктин бардык түрүндөгү жана ведомстволук таандуулуктагы ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын" деген сөздөр "Менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктуулугуна карабастан саламаттык сактоо ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын алты айдын ичинде ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жээнбеков |
КР 2024-жылдын 12-январындагы № 14 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ