Редакцияот 13.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2018-жылдын 13-январы № 5

"Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

2017-жылдын 30-ноябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене.

"Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Свободные горы" газетасына 1-тиркеме, 1992-жылдын августу) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

14-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мөөнөттүк аскер кызматынан өткөн адамдар Кыргыз Республикасында башталгыч, орто, жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына тапшырууда артыкчылык укукка ээ. Адам мөөнөттүк аскер кызматын өтөгөнгө чейин тапшырган жалпы республикалык тестирлөөнүн натыйжасы 3 жыл ичинде жарактуу.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С.Жээнбеков