Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 19-январы № 7
2017-жылдын 6-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Чек ара районундагы ишеним чаралары боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
2017-жылдын 21-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2017-жылдын 6-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Чек ара районундагы ишеним чаралары боюнча макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзбек тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жээнбеков |