Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 19-январы № 9
2011-жылдын 18-октябрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин аймагына келүүчү үчүнчү мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды эсепке алуунун бирдиктүү системасы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
2017-жылдын 28-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2011-жылдын 18-октябрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин аймагына келүүчү үчүнчү мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды эсепке алуунун бирдиктүү системасы жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жээнбеков |