Редакцияот 24.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2018-жылдын 24-январы № 13

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областынын Ак-Суу районундагы Нововознесеновка айыл аймагын Боз-Учук айыл аймагы деп кайра атоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Гавриловка айылын Орто-Сай айылы деп кайра атоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Фрунзе атындагы айылын Жыгач-Коргон айылы деп кайра атоо жөнүндө

2017-жылдын 13-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областынын Ак-Суу районундагы Нововознесеновка айыл аймагы Боз-Учук айыл аймагы деп кайра аталсын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Гавриловка айылы Орто-Сай айылы деп кайра аталсын.

3-берене.

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Фрунзе атындагы айылы Жыгач-Коргон айылы деп кайра аталсын.

4-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С.Жээнбеков