Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 15-февралы № 21
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2018-жылдын 15-февралында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл |
1-берене.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1004-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 37-берененин 3 жана 6-бөлүктөрүндө "үчтөн экисинен кем эмеси" деген сөздөр "көпчүлүгү" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 43-берененин 4-бөлүгүндө "кеминде үчтөн экиси" деген сөздөр "көпчүлүгү" деген сөзгө алмаштырылсын;
3) 49-берененин 3-бөлүгүндө "кеминде үчтөн экиси" деген сөздөр "көпчүлүгү" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жээнбеков |