Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 16-февралы № 23
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2018-жылдын 10-январында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 261-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-статьянын жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын спортсмендерине стипендияларды төлөө тартибин аныктайт.";
2) 8-статьяда:
а) 2-бөлүгүндө "Республиканын Улуттук олимпиадалык комитети" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети, Кыргыз Республикасынын Улуттук паралимпиадалык комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгүндө "Улуттук олимпиадалык комитет жана спорттун түрлөрү боюнча республикалык федерациялар" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук паралимпиадалык комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 4-бөлүгүндө "официалдуу келишимдик (уюштуруучулук) негизде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 11-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 14-статьяда:
а) статьянын аталышы "уюмдар" деген сөздөн кийин ", дене тарбия жана спорт мекемелери" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 1-бөлүгүндө "мекемелерде" деген сөздөн кийин ", дене тарбия жана спорт мекемелеринде" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 2-бөлүгүндө "уюмдардын" деген сөздөн кийин ", дене тарбия жана спорт мекемелеринин" деген сөздөр менен толукталсын;
5) 25-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" же "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери" спорттук наамдары бар адамдар квалификациясын жогорулатуунун кыска мөөнөттүү курстарынан өткөндөн кийин дене тарбия жана спорт мекемелеринде жана уюмдарында окуу-машыгуу сабактарын жүргүзүүгө укуктуу. Эл аралык спорттук уюмдардын тийиштүү сертификаттары жана лицензиялары бар адамдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте дене тарбия жана спорт мекемелеринде жана уюмдарында окуу-машыгуу сабактарын жүргүзүүгө укуктуу.";
6) 35-1-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
7) 36-статьянын 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жээнбеков |