Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 19-февралы № 24
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2018-жылдын 18-январында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 290-статьянын аталышында жана 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында "же метрологиялык аттестациясыз" деген сөздөр алып салынсын;
2) 412-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацында "же метрологиялык аттестациядан" деген сөздөр алып салынсын;
3) 535-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"535-статья. Салык кызматы органдары
Кыргыз Республикасынын салык кызматы органдары ушул Кодекстин 81-83, 213-11, 286-1, 291, 295, 300, 300-1, 301-1 - 301-5, 302, 307, 310, 341, 346, 348-356, 410, 410-1-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.
Салык органдарынын жетекчилери жана алардын орун басарлары администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана администрациялык жаза чарасын көрөт.
Эскертүү. 213-11, 286-1, 300, 301 - 301-2, 301-4, 302, 307-статьяларда, 341-статьянын биринчи бөлүгүндө, 354, 410, 410-1-статьяларда каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароодо салык кызматы органдары айып түрүндө администрациялык жаза чарасын көрөт. Администрациялык жаза чарасынын кошумча туру (конфискация) ушул Кодекстин 37-статьясына ылайык салынат.
81-83-статьяларда каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароодо салык кызматы органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктардын алкагында администрациялык жаза чарасын көрүшөт.";
4) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 535-1-статья менен толукталсын:
"535-1-статья. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын органдары
Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын органдары ушул Кодекстин 285, 286, 286-1, 298, 300-статьяларында, 302-статьянын биринчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө, 307, 341, 354, 408-1, 410, 410-1-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.
Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыктарынын жетекчилери администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана администрациялык жаза чараларын көрөт.
Эскертүү. 286-1, 300-статьяларда, 302-статьянын биринчи бөлүгүндө, 341, 354-статьяларда каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароодо этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын органдары айып түрүндө администрациялык жаза чарасынын негизги гана түрүн салышат. Администрациялык жаза чарасынын кошумча түрү (конфискация) ушул Кодекстин 37-статьясына ылайык салынат.";
5) 540-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 546-5-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Экологиялык жана техникалык коопсуздукту көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Кодекстин 69, 75-77, 79, 88, 97-101, 103, 103-2, 103-3, 104, 106-117, 118-123, 125-127, 132-134, 136, 144, 159, 161-169, 171-184, 193, 196-статьяларында, 234-статьянын биринчи бөлүгүндө, 259-265, 288-290-1, 296, 383, 396-399, 410, 412, 419, 419-1, 432-451, 453-463, 467-469, 471, 474, 475, 477, 479, 482, 488, 489-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.";
7) 556-1-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасында:
а) сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"экологиялык жана техникалык коопсуздукту көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар (68-74, 79, 79-1, 100, 102, 118-123, 140-142, 145-149-2, 151-157, 160, 161, 179-180, 288-290-1, 296, 371, 383, 410, 412, 419, 419-1, 454, 464, 466-468, 476-статьялар);";
б) он экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
в) жыйырма үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"салык кызматы органдары (81-83, 213-11, 286-1, 291, 295, 300-301-2, 301-4, 301-5, 302, 307, 308, 310, 340, 341, 346, 354, 405, 410, 410-1-статьялар);";
г) пунктча төмөнкүдөй мазмундагы отуз сегизинчи абзац менен толукталсын:
"этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын органдары (285, 286, 286-1, 295, 298, 300, 301-1, 301-2-статьялар, 302-статьянын биринчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 307, 341, 354, 408-1, 410, 410-1-статьялар).".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жээнбеков |