Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 21-февралы № 25
"Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2018-жылдын 10-январында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 9, 334-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьянын 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Фильмдин продюсери - республикалык бюджеттен каржыланган кино чыгаруучу уюмдарда мамлекеттик кызматтарды ээлеген адамдардан тышкары, фильмди каржылоо, тартуу жана жүгүртүү демилгесин жана жоопкерчилигин өзүнө алган жеке же юридикалык жак.";
2) 5-статьянын 2-бөлүгү "цензурадан өткөрүүгө" деген сөздөрдөн кийин ", ушул Мыйзамдын 6-статьясында каралган учурларды кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 6-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Фильмдин концепциясы учурдагы конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырууга; согушка, зомбулукка жана ырайымсыздыкка; улуттук, этностук, расалык, социалдык, диний кастыкты тутандырууга; улуттук же тектик артыкчылыкты, сабырсыздыкты үгүттөөгө тийиш эмес. Фильмге порнографиялык мазмундагы сценаларды киргизүүгө жол берилбейт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жээнбеков |