Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 26-февралы № 26
2013-жылдын 20-ноябрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
2018-жылдын 25-январында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2013-жылдын 20-ноябрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы катары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аныкталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жана Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы жөнүндө кабарласын.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жээнбеков |