Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 6-марты № 28
2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлган Маалымат чөйрөсүндө кылмыштуу ишке каршы аракеттенүү боюнча Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
2018-жылдын 25-январында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлган Маалымат чөйрөсүндө кылмыштуу ишке каршы аракеттенүү боюнча Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү тууралуу протокол ратификациялансын.
2-берене.
Жогоруда көрсөтүлгөн Протоколду ишке ашыруу үчүн жооптуу Кыргыз Республикасынын компетенттүү органы катары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аныкталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Катчылыгына жогоруда көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жана Протоколду ишке ашыруу үчүн жооптуу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу компетенттүү органы жөнүндө кабарласын.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жээнбеков |