Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 14-марты № 29
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө", "Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2018-жылдын 1-февралында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 1, 6-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи-он жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"Жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адис - эгерде аларды Кыргыз Республикасында эмгектик иш-аракетине тартуунун шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу критерийлерге ылайык келсе, конкреттүү иш жаатында жогорку билими, иш тажрыйбасы, көндүмдөрү жана жетишкендиктери бар чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам.
Чет өлкөлүк адис - иш берүүчү тарабынан тартылган жана эмгектик иш-аракетин жүзөгө ашыруу үчүн тийиштүү билими, зарыл болгон квалификациясы бар чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам.
Чет өлкөлүк жеке ишкер - Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органы тарабынан берилүүчү патенттин негизинде уюм түзбөстөн жеке ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам.";
2) 3-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы "и" пункту менен толукталсын:
"и) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кол коюлган күчүнө кирген макулдашуулардын алкагында гранттык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырган башкаруучу компаниялардын жана подрядчы-компаниялардын жетекчилерине, ошондой эле гранттык жана инвестициялык долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоого катышкан долбоорлоо жана илимий-изилдөө институттарынын кызматкерлерине.";
3) 6-статьяда:
а) 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Иштегенге уруксат берүү үчүн мамлекеттик алым алынат.";
4) 7-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар эмгектик иш-аракетин төмөнкүдөй шарттарда жүзөгө ашырат:
- жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адистер эмгек миграциясына квотадан тышкары, иш берүүчүнүн арызы боюнча 3 жылга чейинки мөөнөткө иштегенге уруксат алат;
- чет өлкөлүк адистер эмгек миграциясына квотанын чегинде, иш берүүчүнүн арызы боюнча бир жылга чейинки мөөнөткө иштегенге уруксат алат. Мында алардын саны бир чарба жүргүзүүчү субъекттеги кызматкерлердин жалпы санынын 20 пайызынан ашпоосу керек. Бир чарба жүргүзүүчү субъектте кызматкерлердин жаппы санынын 20 пайызынан ашкан санда чет өлкөлүк адистер тартылган учурда, иш берүүчү лимиттен ашыкча тартылган чет өлкөлүк кызматкер үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган эселенген мамлекеттик алым төлөйт;
- чет өлкөлүк жеке ишкерлер Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органы тарабынан берилүүчү патенттин негизинде, эмгек миграциясына квотанын чегинде өз арызы боюнча бир жылга чейинки мөөнөткө иштегенге уруксат алат.";
5) 11-статьянын 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары эмгекке орноштурууга байланышкан ишке укугуна уруксат берүү үчүн жөнөтүүчүдөн мамлекеттик алым алынат.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 990-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Жумуш берүүчүлөрдүн арыздары боюнча чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга берилүүчү жумушка уруксаттарды жана Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары эмгекке орноштурууга уруксаттарды берүүнүн, узартуунун, токтотуп туруунун, жокко чыгаруунун, колдонулушун токтотуунун өзгөчөлүктөрү жана тартиби, ошондой эле уруксатты алуунун, төлөмдөрдү алууга контролду жүзөгө ашыруунун шарттары Кыргыз Республикасынын тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат.".
3-берене.
"Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-9, 722-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-статьянын 4-пункту "жашап турууга укук берүү же аны узартуу үчүн;" деген сөздөрдөн кийин "чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга жумушка уруксат берүү үчүн; Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары эмгекке орноштурууга байланышкан ишти жүргүзүү укугуна уруксат берүү үчүн;" деген сөздөр менен толукталсын.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жээнбеков |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 14-марты № 29
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө", "Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2018-жылдын 10-августундагы N 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2018-жылдын 1-февралында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 1, 6-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи-он жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"Жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адис - эгерде аларды Кыргыз Республикасында эмгектик иш-аракетине тартуунун шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу критерийлерге ылайык келсе, конкреттүү иш жаатында жогорку билими, иш тажрыйбасы, көндүмдөрү жана жетишкендиктери бар чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам.
Чет өлкөлүк адис - иш берүүчү тарабынан тартылган жана эмгектик иш-аракетин жүзөгө ашыруу үчүн тийиштүү билими, зарыл болгон квалификациясы бар чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам.
Чет өлкөлүк жеке ишкер - Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органы тарабынан берилүүчү патенттин негизинде уюм түзбөстөн жеке ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам.";
2) 3-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы "и" пункту менен толукталсын:
"и) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кол коюлган күчүнө кирген макулдашуулардын алкагында гранттык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырган башкаруучу компаниялардын жана подрядчы-компаниялардын жетекчилерине, ошондой эле гранттык жана инвестициялык долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоого катышкан долбоорлоо жана илимий-изилдөө институттарынын кызматкерлерине.";
3) 6-статьяда:
а) 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Иштегенге уруксат берүү үчүн мамлекеттик алым алынат.";
4) 7-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар эмгектик иш-аракетин төмөнкүдөй шарттарда жүзөгө ашырат:
- жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адистер эмгек миграциясына квотадан тышкары, иш берүүчүнүн арызы боюнча 3 жылга чейинки мөөнөткө иштегенге уруксат алат;
- чет өлкөлүк адистер эмгек миграциясына квотанын чегинде, иш берүүчүнүн арызы боюнча бир жылга чейинки мөөнөткө иштегенге уруксат алат. Мында алардын саны бир чарба жүргүзүүчү субъекттеги кызматкерлердин жалпы санынын 20 пайызынан ашпоосу керек. Бир чарба жүргүзүүчү субъектте кызматкерлердин жаппы санынын 20 пайызынан ашкан санда чет өлкөлүк адистер тартылган учурда, иш берүүчү лимиттен ашыкча тартылган чет өлкөлүк кызматкер үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган эселенген мамлекеттик алым төлөйт;
- чет өлкөлүк жеке ишкерлер Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органы тарабынан берилүүчү патенттин негизинде, эмгек миграциясына квотанын чегинде өз арызы боюнча бир жылга чейинки мөөнөткө иштегенге уруксат алат.";
5) 11-статьянын 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары эмгекке орноштурууга байланышкан ишке укугуна уруксат берүү үчүн жөнөтүүчүдөн мамлекеттик алым алынат.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 990-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Жумуш берүүчүлөрдүн арыздары боюнча чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга берилүүчү жумушка уруксаттарды жана Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары эмгекке орноштурууга уруксаттарды берүүнүн, узартуунун, токтотуп туруунун, жокко чыгаруунун, колдонулушун токтотуунун өзгөчөлүктөрү жана тартиби, ошондой эле уруксатты алуунун, төлөмдөрдү алууга контролду жүзөгө ашыруунун шарттары Кыргыз Республикасынын тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат.".
3-берене.
(КР 2018-жылдын 10-августундагы N 89 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)