Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 26-марты № 31
"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2018-жылдын 15-февралында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"мониторинг - коомдук жерлерде, басылмаларда, радиодо жана телекөрсөтүүдө жайгаштырылуучу жарнак материалдарына байкоо жүргүзүү, аларды чогултуу, талдоо жана иштеп чыгуу тутуму. Мониторинг фото- жана көрмөбайкоо аркылуу жүргүзүлөт, текшерүү болуп саналбайт жана ушул Мыйзамдын талаптарын бузууларды табууга багытталган.";
2) 5-берененин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде жарнак берүүчүлөрдүн иши лицензияланууга тийиш болсо, Кыргыз Республикасынын аймагында "иши лицензияланганын" билдирүү жетиштүү болгон радиодогу жарнакты кошпогондо, жарнакта лицензиянын номери, ошондой эле лицензияны берген органдын аталышы көрсөтүлүшү керек.";
3) 14-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө "пункттарында" деген сөз "бөлүктөрүндө" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында "пунктунда" жана "ушул пунктта" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "бөлүгүндө" жана "ушул бөлүгүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 16-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:
"Интернет" маалыматтык-телекоммуникациялык тармакта алкоголдук ичимдиктердин жарнагы.";
б) 4-бөлүгүнүн экинчи абзацында "ушул пункттун" деген сөздөр "ушул бөлүктүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 26-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы "мамлекеттик контролду" деген сөздөрдөн кийин "жарнак материалдарынын мониторинги аркылуу" деген сөздөр менен толукталсын;
6) 27-беренеде:
а) 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында "пунктунда" деген сөз "бөлүгүндө" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгүндө "пунктунда" деген сөз "бөлүгүндө" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жээнбеков |