Загрузка документа…
КР 2022-жылдын 11-августундагы № 92 конституциялык Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 2-апрели № 34
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
2018-жылдын 28-февралында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 11, 1183-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
23-берененин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунун биринчи сүйлөмүндө "жетимиш" деген сөз "токсон" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2019-жылдын 30-апрелине чейин колдонулат.
Ушул Мыйзам 2017 жана 2018-жылдардын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине которууга жайылтылат.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жээнбеков |