Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 17-апрели № 40
Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө
(КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2018-жылдын 7-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуучу предмети
1. Ушул Мыйзам жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү) менен айыл чарба жана кайра иштетилген айыл чарба продукциясын (мындан ары - продукция) кампага сактоону жүзөгө ашыруучу товардык кампалардын иштешинин укуктук жана уюштуруучулук шарттарын белгилейт, ошондой эле жөнөкөй кампа күбөлүктөрүн жана кош кампа күбөлүктөрүн жана анын айрым бөлүктөрүн (кампа жана күрөө күбөлүктөрүн) чыгаруу (берүү), жүгүртүү, алмаштыруу жана жоюу учурунда келип чыгуучу укуктук мамилелерди жөнгө салат.
2. Кампа күбөлүктөрүн чыгарбастан (бербестен) продукцияны кампага жыюуну жүзөгө ашырып жаткан товардык кампаларга ушул Мыйзамдын колдонулушу жайылтылбайт жана өздөрүнүн ишин Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырат.
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
1) жөнөкөй кампа күбөлүгү - товарды тескөөчү документ болуп саналган, продукцияны кампада сактоо келишими боюнча сактоого кабыл алынгандыгын жана ал көрсөткөн жакка бериле тургандыгын ырастоо үчүн товардык кампа чыгаруучу (берүүчү), документардык же документардык эмес формадагы эмиссиялык эмес баалуу кагаз. Документардык эмес формада кампа күбөлүгүн чыгаруу (берүү) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган милдеттүү реквизиттерди жазуу жолу менен, программалык-техникалык каражаттардын жардамы менен жүзөгө ашырылат;
2) кош кампа күбөлүгү - товарды тескөөчү документ болуп саналган, кампада сактоо келишими боюнча продукциянын сактоого кабыл алынгандыгына ырастоо үчүн товардык кампа чыгаруучу (берүүчү) жана төмөнкүдөй эки бөлүктөн: кампа күбөлүгүнөн жана күрөө күбөлүгүнөн (варранттан) турган документардык формадагы эмиссиялык эмес ордердик баалуу кагаз. Эки бөлүгү тең өз алдынча баалуу кагаздар болуп саналат;
3) кампа күбөлүгү - кош кампа күбөлүгүнүн бир бөлүгү болуп саналган, анда көрсөтүлгөн продукцияга менчик укугун тастыктоочу ордердик баалуу кагаз;
4) күрөө күбөлүгү ("варрант") - кош кампа күбөлүгүнүн бир бөлүгү болуп саналган, анын ээси күрөө менен камсыздалган милдеттенмелерди аткарууну талап кылууга укуктуу экенин тастыктаган ордердик баалуу кагаз;
5) кош кампа күбөлүгүн кармоочу - кампада сактоо келишими боюнча сактоодо турган продукциянын менчик ээси, кош кампа күбөлүгүнүн эки бөлүгүнүн ээси;
6) кампа күбөлүгүн кармоочу - кампада сактоо келишими боюнча сактоодо турган, күрөө жүгү бар продукциянын ээси;
7) күрөө күбөлүгүн кармоочу - продукцияны күрөөгө кармоочу болуп саналган укуктары кампа күбөлүгүнөн бөлүнгөн күрөө күбөлүгү менен тастыкталган жак;
8) жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн берүүчү (чыгаруучу) товардык кампа - жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү) менен продукцияны кампага сактоону жүзөгө ашыруучу жана сактоого байланышкан кызматтарды акы төлөтүүнүн негизинде көрсөтүүчү юридикалык жак;
9) товардык кампалардын классификациясы (А, В, С, D) - товардык кампалардын техникалык параметрлерине (пайдалуу аянты, инфратүзүмдүн өнүгүшү, анын ичинде инженердик коммуникациялары, полдун төшөлгөсүнүн тиби жана башка параметрлери) негизделген классификация. Товардык кампанын ар бир классына карата жалпы талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет;
10) ыйгарым укуктуу орган - товардык кампаларды каттоону жана товардык кампалардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган;
11) кампа күбөлүктөрүнүн реестри - кампа күбөлүктөрү менен болгон операциялар жөнүндө, анын ичинде жөнөкөй жана кош кампалардын күбөлүктөрүн берүү, жоюу, алмаштыруу, ошондой эле күрөөдө турган кош кампа күбөлүктөрү жөнүндө товардык кампа тарабынан жүргүзүлүүчү маалыматтардын тизмеги;
12) товардык кампанын продукциясынын реестри - сактоого кабыл алынган жана берилген продукциянын эсебин чагылдыруучу, товардык кампа тарабынан жүргүзүлүүчү маалыматтардын тизмеги;
13) товардык кампалардын бирдиктүү мамлекеттик реестри - товардык кампаларды каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдын веб-сайтында ачык жеткиликтүү болгон катталган товардык кампалар жөнүндө маалыматтардын жыйындысы (мындан ары - бирдиктүү мамлекеттик реестр);
14) жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүнүн бирдиктүү мамлекеттик реестри - чыгарылган (берилген) жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрү жана алардын кармоочулары жөнүндө, алар жагынан операциялар жөнүндө, анын ичинде кош кампа күбөлүгүнүн айрым бөлүктөрү жагынан операциялар жөнүндө, ошондой эле жөнөкөй же кош кампа күбөлүктөрүн жүгүртүүгө же алар боюнча укуктарды жүзөгө ашырууга карата милдеттин, милдеттин түрүнүн болуусу тууралуу маалыматтардын жыйындысы. Жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүнүн бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет;
15) индоссамент - кош кампа күбөлүгү же анын бөлүктөрү боюнча укуктардын индоссанттан индоссатка өткөндүгүн тастыктоочу өткөрүп берүү жазуусу;
16) индоссант - кош кампа күбөлүгү жана анын айрым бөлүктөрү боюнча өзүнүн укуктарын өткөрүп берген, бул тууралуу кош кампа күбөлүгүндөгү же анын айрым бөлүктөрүндөгү өткөрүп берүү жазуусунда көрсөтүлгөн жак;
17) индоссат - кош кампа күбөлүгү же анын айрым бөлүктөрү боюнча анын пайдасына өткөрүп берүү жазуусу жазылган жак;
18) товардык кампалардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо жөнүндө күбөлүк (мындан ары - күбөлүк) - товардык кампанын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталганын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген талаптарга товардык кампанын ылайыктуулугун ырастаган расмий документ. Бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо жөнүндө күбөлүк ыйгарым укуктуу орган тарабынан акы төлөтүүнүн негизинде берилет. Акынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
(КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоо
1. Товардык кампа тиешелүү күбөлүк алган күндөн тартып, жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү) менен продукцияны кампага сактоо боюнча кызматтарды көрсөтүүгө укуктуу.
2. Күбөлүк алуу үчүн товардык кампанын ыйгарым укуктуу адамы ыйгарым укуктуу органга арызын жана документтерди тапшырат. Арыздын формасы, ошондой эле документтердин тизмеги, аларды берүү жана карап чыгуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3. Кыргыз Республикасынын коммерциялык сыр жөнүндө мыйзамдарында жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтарды кошпогондо, бирдиктүү мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтар ачык болуп саналат жана каттоочу органдын веб-сайтында жайгаштырылууга тийиш.
(КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Товардык кампаны бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоо жөнүндө күбөлүктү алуудан баш тартуу жана анын колдонулушун токтотуу үчүн негиздер
1. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкү учурларда товардык кампаны бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоодон баш тартууга укуктуу:
1) эгерде товардык кампа Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келбесе;
2) эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан каралган документтердин толук тизмеги товардык кампа тарабынан берилбесе, же туура эмес маалымат берилсе, же берилген документтерде камтылган маалыматтарда так эместиктер же болбосо дал келбестиктер табылса;
3) эгерде арызды кароо жана күбөлүк берүү үчүн товардык кампа тарабынан акы төлөнбөсө.
Каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим ушул Мыйзамдын ченемине милдеттүү түрдө шилтеме жасоо менен баш тартуунун негизин камтууга тийиш.
2. Күбөлүктүн колдонулушу төмөнкү учурларда токтотулат:
1) кош жана жөнөкөй кампа күбөлүктөрүн берүү (чыгаруу) менен продукцияны кампага сактоо боюнча ишин ыктыярдуу токтоткон жана бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгуу ниетин билдирген учурда товардык кампа тарабынан арыз берилгенде;
2) эгерде соттун чечими менен товардык кампага жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү) менен продукцияны кампага сактоо ишин жүргүзүүгө тыюу салынса;
3) эгерде товардык кампа банкроттук жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте банкрот деп таанылса;
4) эгерде товардык кампа юридикалык жак катары ишин токтоткондугу катталса;
5) эгерде ыйгарым укуктуу орган күбөлүктүн колдонулушун токтото туруусуна негиз болгон себептер товардык кампа тарабынан четтетилбесе.
3. Бирдиктүү мамлекеттик реестрге тиешелүү маалымат киргизген датадан тартып күбөлүктүн колдонулушу токтотулду деп таанылат.
4. Товардык кампаны бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоо жөнүндө күбөлүктү алуудан баш тартуу жана анын колдонулушун токтотуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
5. Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгарылган учурда, товардык кампа жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн бербестен (чыгарбастан) ишин жарандык мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырат.
(КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-берене. Товардык кампаны бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоо жөнүндө күбөлүктүн колдонулушун токтото туруу жана калыбына келтирүү
1. Ыйгарым укуктуу орган товардык кампанын күбөлүгүнүн колдонулушун токтото туруусуна төмөнкү учурларда жол берилет:
1) кош кампа күбөлүгүн (жана анын айрым бөлүктөрүн) жана жөнөкөй кампа күбөлүгүн кармоочулардын арызы болгон шартта, продукцияны кабыл алууда жана жүктөп жөнөтүүдө анын саны жана сапаты жөнүндө туура эмес маалыматтарды системалуу эсепке алуу (календардык жылды түзгөн он эки календардык айдын ичинде эки жолудан ашык) фактылары табылганда;
2) ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү документи менен ырасталган, фитосанитария чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларда белгиленген сактоо шарттары бузулганда;
3) берилген, алмаштырылган жана жоюлган жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрү жөнүндө, алар жана кош кампа күбөлүгүнүн айрым бөлүктөрү жагындагы операциялар тууралуу ишенимсиз маалыматтардын мезгилдүү отчеттордо системалуу берилиши аныкталганда, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын текшерүүсүнүн натыйжасында табылган жеке капиталдын өлчөмүнө карата талаптар жана башка талаптар сакталбаганда.
2. Товардык кампа күбөлүктүн колдонулушун убактылуу токтотуу жөнүндө чечимге административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
3. Товардык кампанын күбөлүгүнүн колдонулушу ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул Мыйзамдын жоболорун же болбосо кампада сактоо жана кампа күбөлүктөрүн берүү (чыгаруу) боюнча иштерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын башка жоболорун бузуулар товардык кампа тарабынан ал күбөлүктүн колдонулушу токтото турулган мөөнөттө четтетилген шартта кайра калыбына келтирилет.
Күбөлүктүн колдонулушун токтото туруу жана кайрадан калыбына келтирүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. Товардык кампанын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
1. Товардык кампа төмөнкүлөргө укуктуу:
1) кампага сактоо кызматын көрсөткөндүгү үчүн, товардык кампа бекиткен кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларына ылайык, тараптардын макулдашуусу боюнча каралган көлөмдө акчалай же кампага сактоого алынган продукция түрүндө сый акы алууга;
2) уюштуруу документтеринде каралган башка кызмат көрсөтүүлөрдү же продукцияны сактоо боюнча коштоочу кызмат көрсөтүүлөрдү акы төлөтүүнүн негизинде көрсөтүүгө, анын ичинде продукциянын менчик ээсинен продукцияны жеткирүүнү жүзөгө ашырууга, продукциянын сапатын жана санын аныктоо менен аны таңгактоого;
3) эгерде продукция сактоонун атайын шарттарын талап кылса, товардык кампада аны камсыз кылуу үчүн мүмкүнчүлүктөр жок болсо жана продукция техникалык регламенттерге жана фитосанитардык ченемдерге шайкеш келбесе, аны сактоого кабыл алуудан баш тартууга;
4) товардык кампанын ишин жүргүзүү максатында гана зайым/кредит катары акча каражаттарын алууга жана мындай зайымдар/кредиттер боюнча камсыз кылуу катарында гана өзүнүн мүлкүн күрөөгө коюуга. Мында товардык кампа үчүнчү жактардын милдеттенмелери боюнча кепилчилик жана (же) күрөөгө берүүчү болуу укугуна ээ эмес;
5) тараптардын макулдашуусуна жараша, продукцияны ошондой эле түрдөгү, сорттогу жана сапаттагы башка продукция менен аралаштырып сактоону же башка жакка таандык продукциядан бөлөк сактоону жүзөгө ашырууга;
6) жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн кармоочулардын алдында милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуунун банктык кепилдигин же башка ыкмаларын пайдаланууга.
Товардык кампа продукциянын ээсинен продукциянын бузулуусуна жол бербей турган таңгакталган түрдө аны сактоого өткөрүүнү талап кылууга укуктуу.
2. Товардык кампа төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кампа үчүн милдеттүү болгон ченемдик укуктук актыларда, стандарттарда, ички регламентте белгиленген сактоо шарттарын сактоого;
2) кампада сактоо келишимдерин кагаз (жазуу) же электрондук түрдө эсепке алууну жүзөгө ашырууга;
3) кампага сактоого кабыл алынган продукциянын реестрин жүргүзүүгө, ошондой эле продукцияны кампага сактоого кабыл алган күндөгү анын рыноктук баасын белгилөөгө. Эгерде кампага сактоо келишиминде башкасы каралбаса, кампага сактоо келишиминде продукциянын наркы катары тараптар көрсөткөн сумма анын рыноктук наркы болуп саналат. Тараптар ошондой эле продукциянын рыноктук наркын көз карандысыз баалоочу баалоосу жөнүндө макулдаша алышат. Ушундай түрдө белгиленген продукциянын наркы продукциянын менчик ээси чыгымдардын ордун толтуруу талабын койгон учурда негиз болот;
4) продукциянын менчик ээсине продукцияны кабыл алган күнү жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүн берүүгө. Мында продукциянын наркы боюнча берилүүчү кампа күбөлүктөрүнүн жалпы көлөмү товардык кампа жарыялаган өздүк капиталдан ашууга тийиш эмес;
5) көрсөтүлгөн кампа күбөлүгүнүн чыгарылышын, ошондой эле тийиштүү кампа күбөлүгүн кармоочудан жазуу жүзүндө кабар алган учурдан тартып кечиктирбестен кампа күбөлүктөрү жагындагы бардык кийинки операцияларды өзүнүн кампа күбөлүктөрүнүн реестрине жазуу жүзүндө же электрондук түрдө каттоого алууга;
6) келишимде белгиленген мөөнөттө жана ал ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктун аткарган шартта жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүн кармоочунун биринчи талабы боюнча жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүнүн эки бөлүгүнүн тең ордуна, табигый коромжулукту эсепке алуу менен продукцияны толук көлөмдө кайтарып берүүгө. Товардык кампа кампа күбөлүгүн кармоочу күрөө күбөлүгү менен камсыздалган милдеттенмени белгиленген тартипте аткарганга чейин продукцияны кайра кайтарышына жол берилбейт;
7) күрөө күбөлүгүн кармоочу тарабынан өндүрүү күрөө жөнүндө мыйзамдарда каралган соттук же соттук эмес тартипте жүзөгө ашырылган учурда, ага продукцияны берүүгө. Мында продукциянын менчик ээси товардык кампага сактоо үчүн өткөрүп берген продукцияны товардык кампанын милдеттенмелери боюнча өндүрүүгө айландырууга болбойт;
8) сактоо келишими түзүлгөнгө чейин кампага сакталууга тийиш болгон продукциянын сапатына өз баасын берүүгө;
9) товардык кампанын кызмат көрсөтүүлөрүнө карата колдонуудагы баалар жөнүндө маалыматты жалпыга жеткиликтүү жерлерге жайгаштырууга;
10) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү, экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган текшерүүлөрдү жүргүзгөн учурда аларга көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон бардык маалымат булактарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга;
11) ыйгарым укуктуу органга тийиштүү чечим кабыл алынган күндөн тартып алгылыктуу мөөнөттө (беш календардык күндүн ичинде) төмөнкүлөр тууралуу жазуу жүзүндө кабарлоого:
а) төлөөгө кудуретсиздик, жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн чыгаруу менен продукцияны кампага сактоо боюнча ишти токтотуу коркунучу жөнүндө;
б) товардык кампанын жеке капиталды көбөйтүү же кыскартуу ниети жөнүндө;
в) уюштуруучулардын жана башкаруу органдарынын курамы өзгөргөндүгү тууралуу;
г) мурда билдирилген класстын өзгөргөндүгү жөнүндө;
12) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган башка милдеттенмелерди жүзөгө ашырууга.
3. Товардык кампа жыл сайын тышкы аудиттен өткөрүлөт.
4. Товардык кампа продукцияны карап чыгууну жана анын тышкы абалын аныктоону, продукцияны анын санынын өзгөрүшүнөн (табигый кемүүсүн кошпогондо) жана жарым-жартылай керектен чыгуусунан жана бузулуусунан коргоону, ошондой эле сактоого кабыл алынган продукциянын уурдалышына, жарым-жартылай же толук жок кылынышына, андан айрылып калышына, жоготулушуна жол бербөөгө багытталган бардык мүмкүн болгон чараларды көрүүнү жүзөгө ашырууга тийиш.
5. Товардык кампа кампага сактоого коюлган продукцияга келтирилген зыян үчүн аны алган учурдан тартып жөнөткөн учурга чейин, атап айтканда, продукциянын жарым-жартылай же толук жок кылынышы, керектен чыгарылышы же бузулушу, уурдалышы, жоготулушу үчүн жоопкерчилик тартат, буга төмөнкү учурлар кирбейт:
1) товардык кампанын кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин эркине байланышпаган форс-мажордук жагдайлар;
2) эгерде продукцияны товардык кампага кампалык сактоого өткөрүп берүүнүн алдында продукциянын ээси аны сактоонун өзгөчө ыкмасы жөнүндө маалымдалбаган болсо;
3) кампада сактоо келишиминде каралган башка учурлар.
6. Ушул Мыйзамдын 7-беренесинин 4-бөлүгү бузулган учурда, товардык кампа Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык күрөө күбөлүгүн кармоочунун алдында жоопкерчилик тартат.
7-берене. Кош кампа күбөлүгүн кармоочунун укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
1. Кош кампа күбөлүгүн кармоочу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) товардык кампа жүргүзгөн продукциянын сапатын баалоонун натыйжаларына макул болбогон учурда, лабораторияларды аккредитациялоону жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте аккредитацияланган лабораторияда продукциянын сапатын көз карандысыз баалоону жүргүзүүгө. Бул учурда продукциянын сапатын баалоого байланышкан чыгымдарды кош кампа күбөлүгүн кармоочу өзү тартат;
2) продукцияны сактоо шарттарын товардык кампанын регламентинде көрсөтүлгөн жумуш убагында текшерүүгө. Мында, эгерде кампага сактоо келишиминде башкасы каралбаса, текшерүүгө байланышкан чыгымдарды товардык кампага төлөп берет;
3) ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык күрөө кармоочуга күрөө күбөлүгүн өткөрүп берүү жана индоссаментти жасоо жолу менен продукцияны товардык кампага сактоо мөөнөтүнүн ичинде аны күрөөгө берүүгө.
2. Индоссамент жасоодо кош кампа күбөлүгүн кармоочу (анын айрым бөлүктөрүн - күрөө күбөлүгүн жана кампа күбөлүгүн) товардык кампага жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга индоссамент жасалган учурдан тартып беш жумушчу күндүн ичинде бул жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
3. Кош кампа күбөлүгүнүн колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин кармоочу продукциясын алып кетүүгө же болбосо, эгерде продукциянын түрү, сорту жана сапаты анын сактоо мөөнөтүн узартууга мүмкүндүк берсе, жаңы мөөнөткө кампага сактоо келишимин түзүүгө милдеттүү.
4. Күрөө күбөлүгүнөн бөлүнгөн кампа күбөлүгүн кармоочу күрөө күбөлүгүн кармоочунун алдындагы акчалай милдеттенмесин жойгон шартта, индоссамент жолу менен күрөөгө коюлган продукцияга карата укугун өткөрүп бере алат, бирок товардык кампадан күрөө күбөлүгү менен камсыздалган милдеттенме аткарылганга чейин продукцияны кайтарып берүүнү талап кылууга укугу жок.
Күрөө күбөлүгүнөн бөлүнгөн кампа күбөлүгүн кармоочу кош кампа күбөлүгүнүн эки бөлүгүн тең товардык кампага өткөрүп бергенден кийин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган учурларда продукцияны алууга укуктуу.
5. Кош жана жөнөкөй кампа күбөлүктөрүнүн бирдиктүү мамлекеттик реестринде индоссамент жөнүндө жазуунун жоктугуна байланыштуу мүмкүн болуучу кандай гана болбосун жоготуулар үчүн жоопкерчиликти укуктарын өткөрүп берген жана түшпөй калган жазууну жүргүзгөн кош кампа күбөлүгүн (анын айрым бөлүктөрүн - күрөө жана кампа күбөлүктөрүн) кармоочу тартат.
6. Бардык кийинки кош кампа күбөлүгүн (анын айрым бөлүктөрүн - күрөө жана кампа күбөлүктөрүн) кармоочулар өткөрүп берүү жөнүндө жазуу менен жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүнүн бирдиктүү мамлекеттик реестринен, ошондой эле товардык кампанын кампа күбөлүктөрүнүн реестринен тааныша алышат.
8-берене. Күрөө күбөлүгүн кармоочунун укуктары жана милдеттери
1. Күрөө күбөлүгүн кармоочу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) кампа күбөлүгүн кармоочудан күрөө күбөлүгү менен камсыздалган талаптарды канааттандырууну талап кылууга;
2) күрөө жөнүндө мыйзамда каралган тартипте күрөө күбөлүгүнүн негизинде күрөөгө коюлган продукцияга болгон талап кылуу укугун каттоого;
3) эгерде жарандык мыйзамдарда же келишимде башкасы каралбаса, күрөө күбөлүгүн ага тиешелүү бардык укуктары менен кошо кампа күбөлүгүн кармоочунун кошумча макулдугусуз эле, индоссамент жасоо жолу менен үчүнчү жакка берүүгө;
4) күрөө жөнүндө мыйзамдарда каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
2. Күрөө күбөлүгү менен камсыздалган милдеттенме аткарылбаса же талаптагыдай аткарылбаса, күрөө күбөлүгүн кармоочу, күрөө жөнүндө мыйзамга ылайык күрөө күбөлүгүндө көрсөтүлгөн продукцияны өндүрүп алууга укуктуу.
3. Кредитор алдындагы күрөө күбөлүгү менен камсыздалган милдеттенменин өлчөмүндөгү карызды жоюуда, күрөө күбөлүгүн кармоочу күрөө күбөлүгүнө индоссамент жасоого жана аны кампа күбөлүгүн кармоочуга кайтарып берүүгө милдеттүү.
4. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда жана 3-бөлүгүндө каралган учурларда индоссамент жасаганда, күрөө күбөлүгүн кармоочу ушул Мыйзамдын 13-беренесинде каралган мөөнөттө товардык кампага жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө кабар жиберүүгө милдеттүү.
9-берене. Жөнөкөй кампа күбөлүгүн кармоочунун укуктары жана милдеттери
1. Жөнөкөй кампа күбөлүгүн кармоочу ага менчик укугунда таандык болгон, сактоого кабыл алынган продукцияны тескөөгө укуктуу, ошондой эле ушул Мыйзамдын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган укуктарга ээ. Мында жөнөкөй кампа күбөлүгү күрөөнүн предмети боло албайт.
2. Жөнөкөй кампа күбөлүгү менен тастыкталган укукту берүү үчүн, аны жаңы кармоочуга тапшыруу жетиштүү. Мында жөнөкөй кампа күбөлүгүн өткөрүп берүү келишим жана (же) жөнөкөй кампа күбөлүгүн өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы менен таризделиши мүмкүн.
Жөнөкөй кампа күбөлүгүн жаңы кармоочуга өткөрүп берүү продукцияны өткөрүп берүүгө теңештирилет. Мында жөнөкөй кампа күбөлүгүн кармоочу жөнөкөй кампа күбөлүгүн өткөрүп бергендиги жөнүндө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана товардык кампага жөнөкөй кампа күбөлүгүн жаңы кармоочуга өткөрүп берген күндөн тартып беш жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
Жөнөкөй кампа күбөлүгүн колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин жөнөкөй кампа күбөлүгүн кармоочу ушул Мыйзамдын 7-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган иш-аракеттерди жасоого милдеттүү.
10-берене. Товардык кампалардын ишин мамлекеттик жөнгө салуу
1. Жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү) менен кампага сактоону жүзөгө ашыруучу товардык кампалардын иши ишкердик субъекттерге текшерүү жүргүзүү жана баалуу кагаздар менен операцияларды жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык текшерилүүгө тийиш.
2. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товардык кампалардын ушул Мыйзамда белгиленген талаптардын, ошондой эле баалуу кагаздар менен операцияларды жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын контролдоо максатында текшерүүнү жүзөгө ашырат.
Баалуу кагаздар менен операцияларга карата талаптар аткарылбаган учурда, товардык кампага баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдарда каралган чаралар колдонулат.
3. Табылган эреже бузуулар жана алардын жоюлганы же жоюлбаганы жөнүндө маалыматты баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу, экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү, ошондой эле ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан ыйгарым укуктуу органга эреже бузуу табылган жумушчу күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен, ыйгарым укуктуу органдын күбөлүктүн колдонулушун токтото туруу, жаңыртуу же токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу максатында жиберилүүгө тийиш.
11-берене. Жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүнүн формасы
1. Жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрү атайын даярдалган кагаз бланкка жазып берилет. Жөнөкөй кампа күбөлүгү документардык эмес формада таризделиши мүмкүн. Кош кампа күбөлүгүнүн эки бөлүгүнүн тең бланктарынын номерлери бирдей болууга тийиш.
Документардык эмес формадагы жөнөкөй кампа күбөлүгүнүн, ошондой эле документардык формадагы жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүнүн бланкынын формалары, коргоо даражасына карата талаптар, аларды алуу, сактоо, жок кылуу жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
2. Жөнөкөй кампа күбөлүгү жана кош кампа күбөлүгү Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган маалыматтарды камтууга тийиш.
Жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүнүн колдонулушу продукцияны сактоо мөөнөтү аяктагандан кийин токтотулат.
3. Кампа күбөлүгүн күрөө күбөлүгүнөн бөлүүдө кредиттик келишимдин жана күрөө келишиминин колдонулушунун мөөнөтү кош кампа күбөлүгүндө көрсөтүлгөн продукцияны сактоо мөөнөтүнөн ашпайт.
(КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-берене. Товардык кампа тарабынан жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн чыгаруунун (берүүнүн) тартиби
1. Товардык кампа тарабынан жөнөкөй же кош кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү) продукцияны кампага сактоого кабыл алган күнү жүзөгө ашырылат. Жөнөкөй же кош кампа күбөлүгү продукциянын менчик ээсинин өтүнүчү боюнча продукциянын ар бир партиясына берилиши мүмкүн.
2. Жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрү товардык кампанын кампа күбөлүктөрүнүн реестрине каттоо жана ага кол койдуруу менен продукциянын менчик ээсине берилет.
3. Товардык кампа тиешелүү күбөлүктү кармоочунун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде мурда берилген жөнөкөй же кош кампа күбөлүктөрүнүн ордуна жаңы жөнөкөй кампа күбөлүгүн же кош кампа күбөлүгүн төмөнкүдөй учурларда берүүгө милдеттүү:
1) индоссамент жасоо үчүн кош кампа күбөлүгүндө бош орун калбаса;
2) алар иш жүзүндө эскирсе;
3) жөнөкөй же кош кампа күбөлүктөрү (анын айрым бөлүктөрү) жоголсо, уурдалса, орчундуу бузулса (белгилеринен ажыраса);
4) жөнөкөй же кош кампа күбөлүктөрүндө көрсөтүлгөн продукциянын сактоо мөөнөтү аяктаса, же эгерде жөнөкөй жана кош кампа күбөлүгүнүн кармоочусу кампага сактоонун жаңы келишимин түзүүгө ниеттенсе.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган учурда жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүн (анын айрым бөлүктөрүн) кармоочу:
1) Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик мыйзамдарында каралган тартипте жоголуп кеткен ордердик баалуу кагаз же баалуу кагаз боюнча көрсөтүүчүнүн укуктарын калыбына келтирүү жөнүндө сотко кайрылууга укуктуу;
2) жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүнүн (анын айрым бөлүктөрүн) жоголуу, уурдалуу, орчундуу бузулуу (белгилеринен ажыроо) факты жөнүндө товардык кампага жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кечиктирбестен жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
Сот жоголгон/бузулган тиешелүү кампа күбөлүгүн жараксыз деп таануу жөнүндө чечимди чыгарган учурда чечим мыйзамдуу түрдө күчүнө киргенден кийин, соттун чечиминде маалыматтары көрсөтүлгөн жак кайрылган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде товардык кампа жаңы жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүн (анын өзүнчө бөлүктөрүн) берет жана кампа күбөлүктөрүнүн реестрине жоголгон баалуу кагаздын жоюлгандыгы жөнүндө тийиштүү жазуу жазат.
5. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1, 2 жана 4-пункттарында каралган учурларда товардык кампа жазуу жүзүндөгү арыз кабыл алынган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде кампа күбөлүктөрүнүн реестрине аталган баалуу кагаздын жоюлгандыгы жөнүндө тиешелүү жазууларды жазат жана жаңы жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүн (анын айрым бөлүктөрүн) берет. Эгерде күрөө күбөлүгү күрөө күбөлүгүн кармоочунун жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана күрөө предмети болуп саналса, жаңы кампа күбөлүгү берилет. Күрөө күбөлүгү жагындагы болгон бардык операциялар, анын ичинде алмашуу жана жоюу ушул Мыйзамга ылайык товардык кампа тарабынан дайыма жана өз учурунда эсепке алынууга тийиш.
13-берене. Кош кампа күбөлүгү боюнча укуктарды өткөрүп берүү
1. Кош кампа күбөлүгү боюнча укуктар индоссамент жасоо жолу менен өткөрүп берилет. Бөлүнбөгөн кош кампа күбөлүгү боюнча укуктарды өткөрүп берүү индоссаментти кампа күбөлүгүндө гана жасоо жолу менен жүзөгө ашырылат. Кампа күбөлүгүн күрөө күбөлүгүнөн ажыратууда индоссамент кош кампа күбөлүгүнүн эки бөлүгүнө тең жасалат. Биржада кош кампа күбөлүгү жагынан бүтүмдөрдү жасоодо индоссамент соода сессиясы жабылгандан кийин, аталган кампа күбөлүгүндө кош кампа күбөлүгүн кармоочудан акыркы сатып алуучуга жасалат.
2. Кампа күбөлүгүндө, ошондой эле кош кампа күбөлүгүнүн эки бөлүгүндө кош кампа күбөлүгүнүн кармоочусу тарабынан жасалган биринчи индоссамент, ошондой эле күрөө жана кампа күбөлүктөрүндөгү бардык кийинки индоссаменттер өткөрүп берүү жазуусу жазылган күндөн тартып беш жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бул жөнүндө, ал эми кош кампа күбөлүгү же анын айрым бөлүктөрү боюнча укуктарды өткөрүп берген учурда - биржа аркылуу, кош кампа күбөлүгү менен соода сессиясы жабылган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарланууга тийиш.
3. Кош кампа күбөлүгүндөгү жана анын бөлүктөрүндөгү - кампа жана күрөө күбөлүктөрүндөгү индоссамент төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) юридикалык жактын толук аталышы жана реквизиттери же индоссант жана индоссат болуп саналган жеке жактын фамилиясы, аты-жөнү (бар болсо), ошондой эле алардын идентификациялык салык номери (ИСН), турган жери же жашаган жери, тиешелүү түрдө жеке жактын паспортунун номери, сериясы, датасы жана аны берген органдын аталышы;
2) эгерде индоссант юридикалык жак болуп саналса, индоссанттын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, индоссанттын жеке өзүнүн же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн койгон колу;
3) индоссамент жасоого негиз (макул болуу, күрөө, сатуу ж.б.у.с.) жана индоссамент жасалган дата.
4. Эгерде индоссант же индоссат жеке жак, анын ичинде (мөөрү жок эле) ишкердик жүргүзүүчү жак катары катталган болуп саналса, индоссаментти нотариалдык күбөлөндүрүү талап кылынат. Кош кампа күбөлүгү же анын айрым бөлүктөрү боюнча укуктарды биржа аркылуу өткөрүп берген учурда, индоссаментти нотариалдык күбөлөндүрүү талап кылынбайт.
Ушул берененин талаптарын бузуу менен индоссант тарабынан жасалган индоссамент жараксыз деп эсептелет жана кош кампа күбөлүгү же анын айрым бөлүктөрү боюнча укуктардын өтүүсүн ырастай албайт.
5. Индоссамент эч нерсе менен шартталбоого тийиш жана андагы камтылган жана кош кампа күбөлүгү же анын бөлүктөрү - кампа же күрөө күбөлүгү боюнча укуктарды өткөрүп берүүнү чектөөчү ар кандай шарт жараксыз деп эсептелет. Индоссаментке шарт коюуга, толуктоолорду, оңдоолорду киргизүүгө жол берилбейт.
6. Кош кампа күбөлүгү же анын өзүнчө бөлүктөрү - кампа жана күрөө күбөлүктөрү боюнча укуктарды, аларга тиешелүү бардык укуктары менен үчүнчү жакка өткөрүп берүүдө индоссант Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Күрөө күбөлүгүн кампа күбөлүгүнөн бөлүүдө күрөө күбөлүгүнүн жана кампа күбөлүгүнүн бланкынын арткы бетинде индоссант тарабынан төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) өткөрүп берүү жазуусун жазуу учуруна карата күрөө күбөлүгү менен тастыкталган акчалай милдеттенмедеги юридикалык жактын аталышы же жеке жактын - кредитордун/зайым берүүчүнүн толук фамилиясы, аты-жөнү (бар болсо), ошондой эле ИСН, турган жери же жашаган жери;
2) өткөрүп берүү жөнүндө жазуунун натыйжасында кампа күбөлүгүндө көрсөтүлгөн продукциянын күрөөсү менен камсыздалуучу акчалай милдеттенменин маңызы, анын өлчөмү, анын ичинде ал боюнча пайыздар, аны аткаруу тартиби жана мөөнөтү, күбөлүк менен камсыздалган милдеттенме боюнча келишимдин реквизиттери, ошондой эле акчалай милдеттенмени тейлөө жана жоюу эсебине акча каражатын которуу үчүн банктык реквизиттер;
3) юридикалык жактын ыйгарым укуктуу жактарынын аталышы жана мөөр менен күбөлөндүрүлүп коюлган колдору, же жеке жактын фамилиясы, аты-жөнү (бар болсо) жана күрөө күбөлүгүн кампа күбөлүгүнөн бөлгөн жеке жактын өзү койгон колу;
4) күрөө күбөлүгүнүн кампа күбөлүгүнөн бөлүнгөн датасы.
7. Эгерде күрөө келишиминде башкасы каралбаса, күрөө жөнүндө маалымат камтылган кампа күбөлүгү боюнча укуктарды күрөө күбөлүгүн кармоочунун макулдугусуз өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
14-берене. Кампа күбөлүктөрүн жоюу
1. Жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн жоюу товардык кампа тарабынан жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүн кармоочуга продукцияны кайтарып бергенде жана продукциянын саны жана сапаты боюнча доомат жок болгондо, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган башка учурларда жүргүзүлөт.
2. Жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүн жоюу ага "Жоюлду" деген жазуусу бар штампты коюу, жоюлган датаны көрсөтүү жана кампа күбөлүктөрүнүн реестрине тиешелүү жазууларды жазуу жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоо жолу менен жоюлган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
15-берене. Кампа күбөлүгүн кармоочуга продукцияны берүү
1. Жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүн кармоочу продукцияны талап кылуу үчүн продукцияны чыгаруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз менен товардык кампага кайрылууга жана товардык кампага өзү келүүгө же ыйгарым укуктуу өкүлүн жиберүүгө милдеттүү.
2. Товардык кампа жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүнүн ордуна продукцияны берердин алдында кампа күбөлүгүн кармоочунун ушул күбөлүккө ээлик кылууга жана продукцияны алууга укугу бар экенин текшерүүгө милдеттүү, андан соң товардык кампа кампа күбөлүгүн жоет, бул тууралуу товардык кампанын ыйгарым укуктуу адамы кампа күбөлүктөрүнүн реестрине тиешелүү жазууларды жазат.
3. Товардык кампа төмөнкүдөй учурларда кампа күбөлүгүн кармоочуга продукцияны берүүдөн жазуу жүзүндө баш тартууга укуктуу, эгерде:
1) күрөө кармоочу тарабынан жасалган тиешелүү индоссаменти бар күрөө күбөлүгү жок болсо;
2) кампа күбөлүгүнүн бланкынын абалы аны идентификациялоого же аныктыгын текшерүүгө мүмкүндүк бербесе.
Товардык кампа продукцияны берүүдөн баш тарткан учурда, жазуу жүзүндөгү баш тартуу менен бир учурда кампа күбөлүгүн аны кармоочуга кайтарып берүүгө милдеттүү.
4. Эгерде келишимде башкасы каралбаса, товардык кампа продукцияны бергенде жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүн кармоочу продукцияны кампага сактоого байланыштуу бардык төлөмдөрдү жүргүзүүгө милдеттүү.
5. Жөнөкөй жана кош кампа күбөлүгүн кармоочу, күрөө күбөлүгүн кармоочу же товардык кампа продукцияны берүүдө продукцияны карап чыгып, текшерүүнү жана (же) продукциянын сапатына көз каранды эмес экспертиза жасоону талап кылууга укуктуу. Карап чыгууга, текшерүүгө жана сапатты экспертизалоого байланышкан чыгымдардын ордун демилгелеген тарап толтурат.
6. Эгерде жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүн кармоочу кампада сактоо келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин продукцияны алып кетпесе, анда товардык кампа жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүн кармоочуга кампада сактоо келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин бир айдан ашпаган мөөнөттүн ичинде продукцияны алып кетүү же кампага сактоо келишимин жаңы мөөнөткө түзүү зарылдыгы тууралуу жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
7. Эгерде товардык кампа ушул берененин 6-бөлүгүндөгү талаптарды аткарса жана мында продукциянын менчик ээси продукциясын алуудан качса, товардык кампа Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган тартипте аракеттенүүгө укуктуу.
16-берене. Товардык кампанын отчеттуулугу
Товардык кампа берилген, жоюлган, алмаштырылган жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрү жөнүндө, анын ичинде жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрү (анын айрым бөлүктөрү) жагынан операциялар жөнүндө алынган маалыматтар тууралуу баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө жана электрондук түрдө отчет берет.
17-берене. Күрөөгө коюлган продукцияны күрөө күбөлүгүнүн негизинде өндүрүп алуу жана сатуу
1. Күрөө күбөлүгүн кармоочу анын күрөө күбөлүгү менен камсыздалган талаптары мөөнөтүндө канааттандырылбаган учурда күрөөгө коюлган продукцияны күрөө жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте өндүрүп алууга, сатууга жана өзүнүн талаптарын жабууга укуктуу.
2. Эгерде келишимде башкасы белгиленбесе, күрөө күбөлүгүн кармоочунун талаптарын күрөөгө коюлган мүлктүн наркынын эсебинен канааттандыруу күрөөгө коюлган продукцияны тоорукта сатуу аркылуу жүргүзүлөт.
18-берене. Кампа күбөлүктөрү боюнча милдеттенмелердин аткарылышына кепилдик берүү
1. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу укуктук мамилелердин субъекттеринин тобокелдиктерин минималдаштыруу максатында, ошондой эле продукцияга жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн чыгарууга (берүүгө) жана жүгүртүүгө байланыштуу келип чыгуучу милдеттенмелердин товардык кампалар тарабынан аткарылышына кепилдик берүү максатында Кампа күбөлүктөрү боюнча милдеттенмелердин аткарылышына кепилдик берүү фонду (мындан ары - Фонд) түзүлүшү мүмкүн.
2. Фонддун иши товардык кампа - Фонддун катышуучусу берген жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүндө көрсөтүлгөн продукциянын наркын жабууга кепилдик берүү аркылуу, товардык кампа чыгарган кампа күбөлүктөрү боюнча милдеттенмелердин товардык кампа тарабынан аткарылбай калышынан кампа күбөлүктөрүн кармоочулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган.
19-берене. Кампа күбөлүктөрүн чыгаруу менен продукцияны кампада сактоону жүзөгө ашыруудагы камсыздандыруу
1. Товардык кампа кампага жыюу үчүн колдонулуучу өзүнүн кыймылсыз мүлкүн, ошондой эле персонал тарабынан өз милдеттерин талаптагыдай эмес аткаруусуна же аткарбоосуна байланышкан тобокелдиктерди камсыздандырууга укуктуу.
2. Товардык кампа продукция жоголгон, жарабай калган, жетпей калган же бузулган/бүлүнгөн учурда кампа күбөлүктөрүн кармоочулардын алдындагы өзүнүн жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандырууга укуктуу.
3. Эгерде кампада сактоо келишиминде продукцияны камсыздандыруу каралбаса, жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүнө "Камсыздандыруусу жок" деген жазуу жазылат. Бирок бул жазуу продукциянын менчик ээсине жана күрөө кармоочуга продукцияны же болбосо өзүнүн жөнөкөй же кош кампа күбөлүгү боюнча укуктарын өз каалоосу менен камсыздандырууга тыюу салуу болуп саналбайт.
20-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү тартиби
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамды аткаруу үчүн зарыл болгон тиешелүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жээнбеков |