Редакцияот 24.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2018-жылдын 24-апрели № 41

2017-жылдын 21-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы "Рынокторго жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

2018-жылдын 29-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене.

2017-жылдын 21-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы "Рынокторго жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондуна жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С.Жээнбеков