Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 24-апрели № 42
2017-жылдын 31-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын, "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору боюнча грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
2018-жылдын 15-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2017-жылдын 31-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору боюнча кредиттик макулдашуу жана Кыргыз Республикасынын, "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору боюнча грант жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жээнбеков |