Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 10-майы № 46
2016-жылдын 26-октябрында Исламабад шаарында кол коюлган Борбордук Азия региондук экономикалык кызматташтыктын катышуучу мамлекеттеринин ортосундагы Борбордук Азия региондук экономикалык кызматташтык институтун уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
2018-жылдын 5-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2016-жылдын 26-октябрында Исламабад шаарында кол коюлган Борбордук Азия региондук экономикалык кызматташтыктын катышуучу мамлекеттеринин ортосундагы Борбордук Азия региондук экономикалык кызматташтык институтун уюштуруу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарийге жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жээнбеков |