Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 2-июну № 58
"Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2018-жылдын 19-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 5, 377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
а) берене төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Суу-саз жерлер - сейрек учуроочу жана жоголуп кетүү коркунучунда тургандарын кошуп алганда, канаттуулардын, сойлоп жүрүүчүлөрдүн жана башка суу боюнда жашаган жаныбарлардын башка түрлөрүнүн массалык түрдө байырлоочу, уялоочу жана көбөйүүчү жерлери болуп саналган табигый жана жасалма акваториялар, анын ичинде көлмөлөр, тайыз суулар жайгашкан жер участоктору, ошондой эле суулуу бети адатта жер үстүндө турган аймактын ашкере нымдуу участоктору;";
б) он төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"өзөк зонасы - мамлекеттик жаратылыштык коруктун жалпы аянтынын 75 пайыздан кем эмесин түзгөн, экосистеманын көбөйүшү үчүн зарыл болгон аймактын участогу, анда бүткүл жаратылыш комплекси корголот, экологиялык системалардын абалына мониторинг, илимий изилдөөлөр жана жаратылыш процесстеринин табигый өнүгүүсүн бузбоочу башка иш-чаралар жүргүзүлөт. Өзөк зонасы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий корутундусу боюнча аныкталат жана айлана-чөйрөнү коргоонун республикалык органы тарабынан бекитилет;";
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
"микрокоруктар - био ар түрдүүлүктү жана экосистемаларды сактоонун жана көбөйтүүнүн көп сандаган очокторун түзүү максатындагы чарбалык иштер жүргүзүлбөгөн, салыштырмалуу анча чоң эмес, анын ичинде айыл чарба жерлеринин ичиндеги участоктор;";
г) берене төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу абзац менен толукталсын:
"жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен чарбалык пайдалануудан толук же жарым-жартылай алып коюлган, жаратылышты коргоо, илимий, маданий, рекреациялык жана ден соолукту чыңдоо жагында өзгөчө мааниси бар жаратылыш комплекстери жана объектилери жайгашкан жердин, суу бетинин жана алардын үстүндөгү аба мейкиндигинин участоктору;";
д) он тогузунчу абзацы "чарбалык" деген сөздөн кийин "жана туристтик-рекреациялык" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 3-берененин төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын туристтик-рекреациялык сыйымдуулугу менен аныкталуучу жаратылыш коомдоштуктарынын жагымдуу туруктуу иштөөсүнүн чегинде, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын илимди, маданиятты, агартууну, билим берүүнү өнүктүрүү максаттарында пайдалануу, туристтик-рекреациялык максаттарда пайдаланууга берүү. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын туристтик-рекреациялык сыйымдуулугу ар бир өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы үчүн өз-өзүнчө аныкталат жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын негизги жаратылыш объектилерин жана табигый экосистемаларын калыбына келбөөчү деградациялык процесстерге алып келбей турган өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагына боло турган антропогендик чектүү жүктөм эсепке алынат. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын туристтик-рекреациялык сыйымдуулугу токой түзүү иштерин жүргүзүүнүн жүрүшүндө илимий мекемелер менен бирдикте аныкталат.";
3) 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-берене менен толукталсын:
"4-1-берене. Экологиялык коридорлор
1. Экологиялык коридорлор өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында байыр алган жаныбарлардын жана өсүп жаткан өсүмдүктөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо, жаныбарлардын миграциясынын жана өсүмдүктөрдүн таралышынын табигый жолдорун коргоо максатында, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын ортосундагы мейкиндик байланышын камсыз кылуу үчүн жер участокторун менчик ээлеринен жана жерди пайдалануучулардан алып койбостон, бардык категориялардагы жер участокторунда түзүлөт.
2. Экологиялык коридорлордун участокторунда жапайы жаныбарларды алардын убактылуу байыр алган жерлеринде сактоону, миграция мезгилинде өтүп туруусун, жапайы өсүмдүктөр өскөн жерлерди сактоону камсыз кылуучу бул жерлерди пайдалануунун жөнгө салынуучу режими белгиленет.
3. Экологиялык коридор түзүү жөнүндө чечим илимий негиздеменин негизинде айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча областтардын, шаарлардын жергиликтүү аткаруу бийлиги органдары тарабынан кабыл алынат.
4. Экологиялык коридорлордун чек аралары табигый географиялык чектер боюнча белгиленет жана жер-жерлерде атайын белгилер менен көрсөтүлөт.
Сакталып калган жаратылыш объектилеринин болбогону менен шартталган экологиялык тармактын элементтеринин ортосунда экологиялык коридорлорду түзүү мүмкүн болбогон учурларда, жасалма экологиялык коридорлор түзүлүшү мүмкүн.
5. Экологиялык коридорлорду коргоо жана башкаруу айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
6. Экологиялык коридорлорду уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";
4) 5-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу аймактар;
- микрокоруктар.";
5) 7-беренеде:
а) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу аймактардын жана микрокоруктардын аймагында контроль жана мониторинг жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен тыгыз өз ара аракетте жүзөгө ашырылат.";
б) 7-бөлүк "Жерлердин деген сөздөн кийин ", мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо максаты үчүн арналган жолдорду курууну кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын,";
6) 9-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймагында экосистемаларды сактоо үчүн жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу аймактарды жана микрокоруктарды уюштурат;
- жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу аймактарды уюштурууга, иштетүүгө жана коргоого бюджетти бекитет;
- жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу аймактардын жана микрокоруктардын иштөөсүнө контроль жана мониторинг жүргүзөт.";
7) 12-берененин 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр "айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 3-глава төмөнкүдөй мазмундагы 21-1-берене менен толукталсын:
"21-1-берене. Суу-саз жерлер
Суу-саз жерлерди түзүү, пайдалануу жана аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жөнгө салынат.";
9) 4-глава төмөнкүдөй мазмундагы 23-1-берене менен толукталсын:
"23-1-берене. Микрокоруктар жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу аймактар
1. Микрокоруктар жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу аймактар төмөнкү максатта түзүлөт:
- био ар түрдүүлүктү жана экосистемаларды сактоонун жана көбөйтүүнүн көп сандаган очокторун түзүү;
- ресурстарды жана генофондду сактоону жана көбөйтүүнү камсыз кылуу, экосистемалардагы бузулууларды компенсациялоо, биологиялык ар түрдүүлүктү жана адам үчүн жагымдуу экологиялык чөйрөнү сактоону колдоо;
- жергиликтүү коомчулукту экологиялык жактан агартуу жана тарбиялоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо ишине жарандарды жана жергиликтүү коомчулукту тартуу.
2. Микрокоруктар жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу аймактар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен түзүлөт.
3. Микрокоруктарды жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу аймактарды түзүү жана алардын иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |