Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 4-июлу № 67
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу
2018-жылдын 24-майында Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңеши тарабынан
кабыл алынган
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
505-15-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"505-15-статья. Шашылыш (штормдук) гидрометеорологиялык маалыматтарды чыгаруунун тартибин, гидрометеорологиялык байкоолорду, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн абалы жана анын булганышына байкоолорду жүргүзүүнүн эрежелерин жана талаптарын бузуу
Шашылыш (штормдук) гидрометеорологиялык маалыматтарды чыгаруунун тартибин бузуу, ошондой эле шашылыш маалыматты, авариялык кырдаалдар тууралуу маалыматтарды, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн зыяндуу заттар жана калдыктар менен булганышынын табылган очокторун бурмалоо, кечиктирүү же керектөөчүлөргө жеткирбей коюу -
жеке жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө жана кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө административдик айып салууга алып келет.
Гидрометеорологиялык байкоолорду жүргүзүүнүн, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн абалы жана анын булганышы үчүн байкоолордун жана алар менен байланышкан гидрометеорологиялык мааламытты жана курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн абалы жана анын булганышы тууралуу маалыматты топтоо, иштеп чыгуу, талдоо, сактоо жана керектөөчүлөргө берүү боюнча иштердин эрежелерин жана талаптарын бузуу -
жеке жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө жана кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө административдик айып салууга алып келет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С. Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ