Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 22-майындагы № 104 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 4-июлу № 66
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2018-жылдын 24-майында Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңеши тарабынан
кабыл алынган
1-берене.
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 322-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуласы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 1-статьяда:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Автомобиль жолдору тууралу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан жана ага ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.";
б) 3-бөлүгү "ченемдик" деген сөздөн кийин "укуктук" деген сөз менен толукталсын;
3) 2-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-статья. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында автомобиль жолдорун өнүктүрүүнү, оңдоону, күтүүнү камсыз кылуучу транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уюмдары жана жол органдары тарабынан автомобиль жолдорун башкаруудагы экономикалык, укуктук негиздерди жана принциптерди, автомобиль жолдорунун менчик ээлеринин, ээлик кылуучуларынын жана пайдалануучуларынын укуктарын, милдеттерин, ошондой эле жоопкерчилигин аныктайт.
Ушул Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасындагы бардык автомобиль жолдоруна, анын бардык пайдалануучуларына, менчигинин формасына жана кайсы ведомствого баш ийгенине карабастан, бардык жеке жана юридикалык жактарга жайылтылат.";
4) 3-статьяда:
а) аталышында "көзөмөлдөнүүчү зонасы" деген сөздөр "боюндагы тилке" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жол боюндагы тилке - автомобиль жолуна бөлүнгөн жол тилкесинин эки тарабында аны бойлото жайгашкан жана алардын чектеринде автомобиль жолунун өнүгүү келечегин эске алуу менен, жол кыймылынын коопсуздук талаптарын, ошондой эле автомобиль жолдорун реконструкциялоо, капиталдык оңдоо жана эксплуатациялоо, аны сактоонун тийиштүү шарттарын камсыз кылуу максатында, аларды пайдалануунун өзгөчө режими белгиленген жер участоктору. Жол боюндагы тилкенин туурасын аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";
5) 4-статьяда:
а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун мамлекеттин атынан башкаруу жолдорду өнүктүрүүнү, сактоону, оңдоону жана күтүүнү камсыз кылуучу, чарбачылыкты жүргүзүүгө же ыкчам башкарууга укугу бар транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.";
б) 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 5-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Ведомстволук автомобиль жолдору транспорт жана жолдор жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын оң корутундусу алынгандан кийин алардын менчик ээлеринин чечими боюнча жалпы пайдалануу үчүн ачылышы мүмкүн.";
7) 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья. Жеке менчик автомобиль жолдору
Жеке менчик автомобиль жолдору юридикалык жана жеке жактар тарабынан курулат жана алардын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн кызмат кылат.
Жеке менчик автомобиль жолдору транспорт жана жолдор жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын оң корутундусу алынгандан кийин алардын менчик ээлеринин чечими боюнча жалпы пайдалануу үчүн ачылышы мүмкүн.";
8) 7-статьянын 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
9) 8-статьянын 2-бөлүгүндө "коммуникациялар" деген сөз "жолдор" деген сөзгө алмаштырылсын;
10) 9-статьяда "коммуникациялар" деген сөз "жолдор" деген сөзгө алмаштырылсын;
11) 11-статьянын 1-бөлүгүндө "коммуникациялар" деген сөз "жолдор" деген сөзгө алмаштырылсын;
12) 13-статьянын 1-бөлүгүндө, 6-бөлүгүнүн жетинчи абзацында жана 8-бөлүгүндө "коммуникациялар" деген сөз "жолдор" деген сөзгө алмаштырылсын;
13) 15-статьянын 1-бөлүгүндө:
а) "бөлүнгөн тилке" деген сөздөр "жол тилкелеринин жана жол боюндагы тилкелердин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Мүлктүн таандыктыгы Кыргыз Республикасынын жарандык жана жер мыйзамдарында белгиленген тартипте алынган укукту күбөлөндүрүүчү жана укукту белгилөөчү документтердин негизинде аныкталат.";
14) 18 жана 19-статьялардын бүткүл тексти боюнча "коммуникациялар" деген сөз "жолдор" деген сөзгө алмаштырылсын;
15) 22-статьянын бүткүл тексти боюнча "коммуникациялар" деген сөз "жолдор" деген сөзгө алмаштырылсын;
16) 23-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-статья. Автомобиль жолдорунун жерлерин эксплуатациялоонун тартиби
Автомобиль жолдорунун жерлери өзүнө автомобиль жолдорун куруу жана эксплуатациялоо үчүн, ошондой эле жол-эксплуатациялык кызматтын, жол жана жол боюндагы сервистин объекттеринин нормалдуу иштешин камсыз кылуучу имараттарды жана курулмаларды жайгаштыруу үчүн жол органдарына туруктуу жана убактылуу, анын ичинде ижара шартында пайдаланууга берилген жол тилкелеринин жана жол боюндагы тилкелердин жерилерин камтыйт.
Жол сервисинин объекттерине жол тилкелеринин чектеринде жайгашкан жана жол кыймылынын катышуучуларын тейлөөгө арналган имараттар жана курулмалар (автобустардын токтоочу, анын ичинде павильондору бар пункттары, транспорт каражаттарынын кыска убакытка токтоп туруусу үчүн аянтчалар, транспорт каражаттарын токтотуучу жайлары бар эс алуу аянтчалары, авариялык-чакыруу байланышынын түзүлүштөрү жана башка курулмалар) кирет.
Жол боюндагы сервис объекттерине жол боюндагы тилкеде жайгашкан жана жол кыймылынын катышуучуларын жол жүрүп баратканда тейлөөгө багытталган имараттар жана курулмалар (мотелдер, мейманканалар, кемпингдер, техникалык тейлөө станциялары, май куючу станциялар, тамактануу, соода кылуу, байланыш, медициналык жардам пункттары, транспорт каражаттарын жуучу жайпар, жарнама каражаттары жана башка курулмалар) кирет.
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору ээлеген жерлер мамлекеттик менчикке кирет, бөлүнгүс болуп саналат жана жеке менчикке өткөрүп берүүгө жатпайт.
Автомобиль жолдору ээлеген жерлер белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого жатат.
Автомобиль жолдорунун жерлери:
- транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдарынын карамагында жалпы пайдаланууда болот;
- калктуу конуштарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдарынын карамагында болот.
Ведомстволук жана жеке менчик автомобиль жолдорунун жерлери алардын ээлеринин жана менчик ээлеринин карамагында болот.
Автомобиль жолдорунун тилкелери жана жол боюндагы тилкелер жол жана жол боюндагы сервис комплекстерин өнүктүрүү, абаттоо жана жайгаштыруу үчүн гана пайдаланылат.
Автомобиль жолдорунун жерлерин пайдалануу долбоорлоо документтеринин, автомобиль жолдорун куруунун, оңдоонун жана күтүүнүн, жол кыймылынын коопсуздугунун жана автомобиль жолдорунун коопсуздугу жаатындагы улуттук стандарттардын ченемдеринин жана эрежелеринин негизинде аныкталат.
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол тилкелеринде жана жол боюндагы тилкелерде жолдогу жана жол боюндагы сервис объекттерин өнүктүрүүнүн, абаттоонун жана жайгаштыруунун генералдык схемасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Жолдогу жана жол боюндагы сервис объекттерин жайгаштыруу жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү техникалык шартка ылайык жүзөгө ашырылат.
Автомобиль жолдорунун жерлеринде бул жерлерди пайдалануунун белгиленген тартибин бузуу менен тургузулган кандай болбосун конструкциялар, курулмалар жана жайлар мыйзамсыз деп таанылат жана автомобиль жолдорунун ээлери тарабынан, мыйзамда аныкталган тартипте, курулушту өзү билемдик менен жүзөгө ашырган адамдардын эсебинен сүрдүрүп салууга жатат.
Автомобиль жолдорунун жерлерин өзү билемдик менен пайдалануу бул жерлерди мыйзамсыз пайдалануу убагында жумшалган өндүрүштүк сарптоолордун орду толтурулуп берилбестен токтотулат.";
17) 24-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
18) 26-статьянын 3-бөлүгүндө "коммуникациялар" деген сөз "жолдор" деген сөзгө алмаштырылсын;
19) 27-статьяда:
а) 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында "коммуникациялар" жана "контролдонуучу зоналарда" деген сөздөр "жолдор" жана "жол боюндагы тилкелерде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүгүндө "коммуникациялар" деген сөз "жолдор" деген сөзгө алмаштырылсын;
20) 28-статьянын 1-бөлүгүндө "коммуникациялар" деген сөз "жолдор" деген сөзгө алмаштырылсын;
21) 29-статьянын 2-бөлүгүндө "коммуникациялар" деген сөз "жолдор" деген сөзгө алмаштырылсын;
22) 31-статьянын бүткүл тексти боюнча "коммуникациялар" деген сөз "жолдор" деген сөзгө алмаштырылсын;
23) 32-статьяда:
а) 1-бөлүгүндө жана 4-бөлүгүнүн экинчи абзацында "коммуникациялар" деген сөз "жолдор" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоого жана күтүүгө ченемдик финансылык сарптоолор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.";
24) 4-глава төмөнкүдөй мазмундагы 32-1-статья менен толукталсын:
"32-1-статья. Автомобиль жолдорун оңдоо жана күтүү боюнча иштерди ар жылы пландаштыруу
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоо жана күтүү боюнча иштердин ар жылдык планы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашылууга жатат.
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоо жана күтүү боюнча иштердин ар жылдык планына долбоорлоо документтери жана финансылык ырастоосу жок куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо объекттерин киргизүүгө тыюу салынат.
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоо жана күтүү ушул Мыйзамдын, Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин автомобиль жолдорунун коопсуздугу чөйрөсүндөгү техникалык регламенттеринин талаптарына жана автомобиль жолдорунун коопсуздугу жаатындагы улуттук стандарттарга ылайык келүүгө тийиш.";
25) 33-статьяда:
а) 1-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо жол-жоболору жана мөөнөттөрү жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.";
б) 3 жана 5-бөлүктөрдө "коммуникациялар" деген сөз "жолдор" деген сөзгө алмаштырылсын;
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"Автомобиль жолдорун өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу, жаңы курууну жана реконструкциялоону стратегиялык планга киргизүү тартиби жана критерийлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.";
26) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 33-1-статья менен толукталсын:
"33-1-статья. Техникалык жөнгө салуу объекттерине карата коопсуздук талаптары
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо долбоордук документтердин, ушул Мыйзамдын, Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин автомобиль жолдорунун коопсуздугу чөйрөсүндөгү техникалык регламенттеринин талаптарына жана автомобиль жолдорунун коопсуздугу жаатындагы улуттук стандарттарга ылайык келүүгө тийиш.
Жол-курулуш материалдары жана буюмдар Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин автомобиль жолдорунун коопсуздугу чөйрөсүндөгү техникалык регламенттеринин талаптарына жана автомобиль жолдорунун коопсуздугу жаатындагы улуттук стандарттарга ылайык келүүгө тийиш.";
27) 34-статьяда "коммуникациялар" деген сөз "жолдор" деген сөзгө алмаштырылсын;
28) 37-статьяда:
а) 1-бөлүгүндө "коммуникациялар" деген сөз "жолдор" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"Төрт же андан ашык кыймыл тилкелери бар жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун курууда карама-каршы багыттардагы транспорт агымдарын бөлүү үчүн тосмолорду орнотуу милдеттүү.";
29) 38-статьяда "коммуникациялар" деген сөз "жолдор" деген сөзгө алмаштырылсын;
30) 39-1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 8 жана 9-бөлүктөр менен толукталсын:
"Автордук көзөмөл - эксплуатацияга киргизилүүчү курулуш объекттеринин архитектуралык-курулуштук, технологиялык жана башка техникалык чечимдеринин долбоордук чечимдерге ылайык келишин контролдоону жүзөгө ашыруу.
Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл - курулуш процессинде аткарылган жумуштардын техникалык регламенттердин жана долбоордук документтердин талаптарына ылайык келишин контролдоону жүзөгө ашыруу.";
31) 6-1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 39-5-статья менен толукталсын:
"39-5-статья. Автордук жана мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүү жөнүндө жобо
Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун куруу жана реконструкциялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте автордук жана мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөлгө алынууга жатат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө:
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- ушул Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С. Жээнбеков |