Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 30-июлу № 76
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2018-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 38-беренеде:
а) 4-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин" деген сөздөр "Ички иштер, тышкы иштер жана коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисин шайлоого катышкандардын санынын элүү пайызынан ашык добуш алган талапкер шайланды деп эсептелет. Эгерде талапкерлердин бири да добуштардын зарыл санын албаган учурда, кайра добуш берүү өткөрүлөт, ага добуштардын көпчүлүк санын алган эки талапкер катышат. Кайра добуш берүүгө катышкандардын санынын элүү пайызынан ашык добуш алган талапкер шайланды деп эсептелет. Шайланган талапкерди шайлоо өткөрүлгөн күндөн тартып он күндүн ичинде билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин кызмат ордуна бекитет. "Улуттук" деген статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчиси шайлоо өткөрүлгөн күндөн тартып он күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.".
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Президент |
| С. Жээнбеков |