КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 2-августу № 83
2017-жылдын 25-декабрында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек ара режими жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
2018-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
тарабынан кабыл алынган
1-берене.
2017-жылдын 25-декабрында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек ара режими жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги казакстан тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Президент |
| С. Жээнбеков |