Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 2-августу № 78
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2018-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы отуз бешинчи абзац менен толукталсын:
"социалдык билим берүү кредити - бул Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарындагы окууга акы төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан субсидиялануучу жеңилдетилген кредит;";
2) 30-берененин 2 жана 3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кесиптик башталгыч, кесиптик орто, кесиптик жогорку билим берүү жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү уюмдарында окуп жаткан студенттерди социалдык жактан колдоо үчүн социалдык билим берүү кредиттери берилиши мүмкүн.
Социалдык билим берүү кредиттери кредиттин негизги суммасын төлөй баштоону окуу аяктаганга чейин мөөнөтүн жылдыруу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик коюмунан жогору эмес пайыздык коюм менен жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү берилген социалдык билим берүү кредиттери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик коюму менен коммерциялык банктардын пайыздык коюмдарынын ортосундагы айырма түрүндөгү чыгашаларды субсидиялайт.
Социалдык билим берүү кредиттеринин шарттары, өлчөмдөрү, берүүнүн тартиби жана артыкчылыктуу багыттары жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Президент |
| С. Жээнбеков |
КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 2-августу № 78
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2018-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган