Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 2-августу № 82
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө", "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2018-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" газетасы, 1998-жыл, 16-сентябрь, № 133-140) менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбулада:
а) биринчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
б) экинчи абзацта "полктун (бригаданын)" деген сөздөр "бригаданын (батальондун)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) "АСКЕР БӨЛҮГҮНҮН КҮЖҮРМӨН ТУУСУ" деген бөлүмдө:
а) расмий тилдеги тексттин 1-пунктунун биринчи абзацында "знамя" деген сөз "Знамя" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6. Аскер бөлүгү жоюлганда Күжүрмөн Туу, Кыргыз Республикасынын Президентинин Грамотасы жана реликвия катары аскер бөлүгүндө сактоодо турган табериктер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык архивге тапшырылат.";
3) 7-пунктта:
а) он тогузунчу абзац "өзгөчө кырдаалдардын" деген сөздөрдөн кийин "алдын алуу жана" деген сөздөр менен толукталсын;
б) пункт төмөнкүдөй мазмундагы жыйырманчы абзац менен толукталсын:
"- терроризмге каршы операцияларга катышуу.";
4) 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Аскер кызматчылары аскер кызматынын милдеттерин аткарууда атайын каражаттарды, куралды, аскердик жана атайын техниканы сактоого, алып жүрүүгө, колдонууга жана пайдаланууга, ошондой эле кара күчтү жана кызматтык жаныбарларды колдонууга укуктуу.
Аскер кызматчыларынын атайын каражаттарды, кызматтык жаныбарларды, куралды, аскердик жана атайын техниканы сактоосунун эрежелери, колдонуусунун шарттары жана тартиби ушул Устав, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароол кызматтарынын уставы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары менен аныкталат. Атайын каражаттарды, куралдарды, аскердик жана атайын техниканы алып жүрүүдө жана колдонууда аскер кызматчылары алардын сакталышын камсыз кылууга жана бөтөн адамдарга жеткиликтүү болушуна жол бербөөгө милдеттүү.
Аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык кара күчтү, атайын каражаттарды, кызматтык жаныбарларды, куралды, аскердик жана атайын техниканы жеке өзү же бөлүктүн курамында колдоно алат, ал эми командирлер (зардалдар) зарыл коргонуу абалында өмүрдү, ден соолукту жана менчикти коргоо үчүн же өтө зарыл болгон төмөнкүдөй учурларда баш ийгендерге аларды колдонууга буйрук бере алат:
- эгерде аларды башка ыкмалар жана каражаттар менен коргоого мүмкүн болбосо, кайтарылуудагы мамлекеттик жана аскердик объекттерге, ошондой эле аскердик бөлүктөр жана бөлүкчөлөр, аскердик бөлүктөрдүн имараттары жана курулмалары жайгашкан жерлерге, аскердик эшелондорго, машиналардын колонналарына, жалгыз транспорттук каражаттарга жана кароолдорго куралдуу же топтук кол салуулардын майтаруу үчүн;
- эгерде аларды башка ыкмалар жана каражаттар менен коргоого мүмкүн болбосо, куралды жана аскердик техникаларды күч менен ээлеп алууга болгон аракетке бөгөт коюу үчүн;
- эгерде аларды башка ыкмалар жана каражаттар менен коргоого мүмкүн болбосо, аскер кызматчыларынын жана жарандык адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган кол салуудан аларды коргоо үчүн;
- эгерде башка ыкмалар жана каражаттар менен каршылыкты басууга, адамды кармоого же андан куралды алууга мүмкүн болбосо, укукка каршы аракеттерди жасаган жана куралдуу каршылык көрсөткөн адамды, ошондой эле куралды тапшырып берүү жөнүндө мыйзамдуу талапты аткаруудан баш тарткан куралдуу адамды кармоо үчүн;
- террористтик кооптуулуктун ар түрдүү деңгээлдери жарыяланганда милдеттерди аткарууну камсыздоо үчүн.
Командир (зардал), мындан тышкары, күжүрмөн шарттарда кол алдындагы адам ага ачык баш ийбеген учурда, баш ийбеген адамдын аракети мамлекетке чыккынчылык кылууга же күжүрмөн тапшырмаларды аткарууну үзгүлтүккө учуратууга багытталганда тартипти жана иретти калыбына келтирүү үчүн, ошондой эле өзгөчө абал шарттарында тапшырмаларды аткарууда жеке өзү курал колдонууга же курал колдонууга буйрук берүүгө укуктуу.
Атайын каражаттарды, кызматтык жаныбарларды, куралды, аскердик жана атайын техниканы колдонуунун зарылдыгы аткарылуучу кызматтык-жоокердик милдеттердин мүнөзүнө жараша тийиштүү командирлер (зардалдар) тарабынан аныкталат.".
5) 12-пункттун алтынчы жана жетинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
6) Устав төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-пункт менен толукталсын:
"12-1. Кара күчтү, атайын каражаттарды, кызматтык жаныбарларды, аскердик жана атайын техниканы колдонуудан жана пайдалануудан мурда кара күч, атайын каражаттар, кызматтык жаныбарлар, аскердик жана атайын техника колдонула турган адамга (адамдардын тобуна) так эскертме берилүүгө тийиш, буга төмөнкүдөй учурлар кирбейт:
- аларды колдонууну кечеңдетүү аскер кызматчысынын же башка жарандардын өмүрүнө тикелей коркунуч түзгөндө же башка оор кесепеттерди алып келиши мүмкүн болгондо;
- кризистик кырдаалдар келип чыкканда жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна же мамлекеттин коопсуздугуна кол салуучу массалык тартипсиздикке, укук бузуучулардын топтошкон аракеттерине бөгөт коюу үчүн, аскер кызматчыларына, жарандык адамдарга, ошондой эле стратегиялык объекттерге каршы террористтик актыларды болтурбоо үчүн колдонгондо;
- куралды, жоокердик жана атайын техниканы, транспорттук каражаттарды, учуучу аппараттарды колдонуу менен кол салууну майтаруу үчүн колдонгондо;
- барымтадагыларды, басып алынган кайтарылуучу объекттерди, курулуштарды жана атайын (аскердик) жүктөрдү бошотуу үчүн колдонгондо;
- аскер бөлүгүнүн аймагына бөтөн адамдар кирип келгенде, террористтик кооптуулуктун деңгээлдери же аскердик абал жарыяланганда; аскер бөлүктөрүнүн жана кайтарылуучу объекттердин үстүнөн жана жанынан жапыс учуучу таанылбаган учуучу аппараттар учуп өткөндө;
- кармалган адамдар (кылмыш жасагандык боюнча шектелип жана айыпталып кармалгандар, соттолуучулар жана соттолгондор) кайтаруудан качканда.
Кара күчтү, атайын каражаттарды, кызматтык жаныбарларды, аскердик жана атайын техниканы колдонгондо жана пайдаланганда аскер кызматчысы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ден соолукка болушунча аз зыян тийгизүүгө умтулууга, сабырдуулукту көрсөтүүгө;
- айланадагы жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн чараларды көрүүгө, ал эми зарыл учурда, жабыр тарткандарга алгачкы жардамды көрсөтүүгө;
- кармалган адамдын кыймылын чектөөчү каражаттарды (кол кишендерди ж.б.) колдонгондо, анын абалын мезгил-мезгили менен (кеминде эки саатта бир жолу) текшерүүгө.
Кара күчтү, атайын каражаттарды, кызматтык жаныбарларды, аскердик жана атайын техниканы колдонууда жана пайдаланууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- башка ыкмалар жана каражаттар менен кол салууну же каршылык көрсөтүүнү майтарууга мүмкүн болбогон учурларда, төмөндө көрсөтүлгөн адамдар тарабынан аскер кызматчыларынын же башка жарандардын өмүрүнө коркунуч туудурган куралдуу же топтошуп кол салуу же террористтик акты жасоо учурларын кошпогондо, аялдарга, ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга, жаш курагы айкын же белгилүү болгон жашы жете электерге карата колдонууга, эгерде колдонуунун натыйжасында адамдар кокустан жабыр тартышы мүмкүн болсо, адамдар орчундуу топтолгондо колдонууга;
- бузук, жараксыз жана мөөнөтү өткөн атайын каражаттарды колдонууга;
- атайын каражаттарды жашоо үчүн маанилүү органдарга (баш, моюн, жүрөк, жыныстык органдарга) карата колдонууга;
- атайын каражаттарды колдонууда коопсуздук чараларын бузууга;
- мээлеп ок атууга жана атайын газ каражаттарын колдонуу мезгилинде ал тараган зонада бул затты кайра колдонууга;
- жүргүнчүлөрү бар жалпы пайдалануудагы автотранспортту, чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине таандык транспортту мажбурлап токтотуу, ошондой эле жолдордун көрүнүүсү чектелген участокторунда, темир жол өтмөктөрүндө, көпүрөлөрдө, эстакадаларда жана туннелдерде мажбурлап токтотуу үчүн атайын каражаттарды колдонууга.
Кара күч, атайын каражаттар, кызматтык жаныбарлар, аскердик жана атайын техника адамдарга карата колдонулган же пайдаланылган ар бир учур жөнүндө аскер кызматчысы командирге (зардалга) билдирет.
Аскер кызматчылары тарабынан кара күч, атайын каражаттар, кызматтык жаныбарлар, курал, аскердик жана атайын техника колдонулганда жана пайдаланылганда үчүнчү жактардын ден соолугуна залал келген же аларга материалдык зыян келген учурда, командир (зардал) кызматтык териштирүү дайындайт жана бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратура органдарына маалымдайт.
Аскер кызматчысынын кара күчтү, атайын каражаттарды, кызматтык жаныбарларды, куралдарды, аскердик жана атайын техниканы колдонушунун жана пайдаланышынын укук ченемдүүлүгү Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратура органдарынын чечими менен аныкталат.
Эгерде кара күчтү, атайын каражаттарды, кызматтык жаныбарларды, аскердик жана атайын техниканы колдонуу жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылса, аскер кызматчысы кара күчтү, атайын каражаттарды, кызматтык жаныбарларды, аскердик жана атайын техниканы колдонууда жана пайдаланууда үчүнчү жактарга келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартпайт. Үчүнчү жактарга мындай зыяндын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Аскер кызматчылары колдонуучу атайын каражаттардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Атайын каражаттарды сактоонун тартиби ченемдик укуктук актылар менен бекитилет.
Атайын каражаттарды, куралды, аскердик жана атайын техниканы уурдоонун, жоготуунун, бузуунун же иштен чыгаруунун бардык учурлары жөнүндө аскер кызматчылары өзүнүн тикелей зардалына билдирүүгө милдеттүү.
Аскер бөлүгүнүн командири (зардалы) кызматтык иликтөө дайындайт, ички иштер органдарына, улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органдарына жана аскердик прокуратура органдарына куралды, атайын каражаттарды, аскердик жана атайын техниканы уурдоонун же жоготуунун жагдайлары жөнүндө алардын моделин, калибрин, сериясын, номерин, ар бир бирдиктин чыгарылган жылын көрсөтүү менен билдирет жана уурдалган же жоголгон куралды, атайын каражаттарды, аскердик жана атайын техниканы издөө боюнча чараларды көрөт.
Уурдалган же жоголгон курал, атайын каражаттар, аскердик жана атайын техника аскер бөлүгүнө кайтарылган учурда, аскер бөлүгүнүн командири 3 сутканын ичинде курал, атайын каражаттар, аскердик жана атайын техника уурдалганы же жоготулганы жөнүндө мурда билдирилген мамлекеттик органдарга маалымдоого милдеттүү.";
7) 13-пунктта:
а) алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- өзүнө ишенип берилген куралды, куралдарды жана аскердик техниканы билүүгө жана аларды ар дайым даярдыкта кармоого, алардын сакталышын жана туура пайдаланышын камсыз кылууга, аскердик мүлктү жана башка материалдык каражаттарды сактоого;";
б) тогузунчу абзацта "жолдошторун" деген сөз "кызматташтарын" деген сөзгө алмаштырылсын;
8) 18-пунктта:
а) биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Аскер кызматчысы кызматтык жана жеке маселелер боюнча өзүнүн тикелей зардалына кайрылуусу, ал эми зарыл учурда жана анын уруксаты менен - улук зардалга кайрылуусу керек.";
б) экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
9) 22-пункттун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Аскер кызматчылары жоокердик кезметте (жоокердик кызматта), суткалык жана гарнизондук нөөмөттө турганда, ошондой эле табигый жана техногендик мүнөздөгү чукул кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана алдын алуу үчүн тартылганда, башка чукул кырдаалдарда атайын милдеттерди аткарат.";
10) 45-пункттун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мисалы: "Жолдош генерал-майор, 110-мотоаткычтар бригадасы (батальону) жалпы бригадалык (батальондук) кечки текшерүүгө тизилди. Бригаданын (батальондун) командири полковник Асанов".";
11) 51-пункттун тогузунчу абзацы "имарат жайларда" деген сөздөрдөн кийин ", душтарда, мончолордо, дааратканаларда, жуунуучу бөлмөлөрдө" деген сөздөр менен толукталсын;
12) 58-пункттун бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "полк (бригада)" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "бригада (батальон)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 67-пунктта:
а) биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"67. Коомдук жерлерде жана коомдук транспортто бош орундар болбогондо, аскер кызматчысы өзүнүн ордун зардалга (улук аскер кызматчыга) бошотуп берүүгө милдеттүү.";
б) үчүнчү абзацта "жана табигый кырсыктардын" деген сөздөр ", табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 3-главанын аталышында жана бүткүл тексти боюнча (87-пункттун биринчи абзацын кошпогондо) ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "полк (бригада)" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "бригада" деген сөзгө алмаштырылсын;
15) 72-пункттун биринчи абзацы "турмуш-тиричилик жактан камсыз кылуу" деген сөздөрдөн кийин ", келишимдик-дооматтык жумуш үчүн" деген сөздөр менен толукталсын;
16) 87-пункттун биринчи абзацында:
а) "Полктун (бригаданын)" деген сөздөр "Бригаданын (батальондун)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) "улук командир (зардал) тарабынан" деген сөздөрдөн кийин ", 30 күндөн көп эмес мөөнөткө" деген сөздөр менен толукталсын;
17) 96-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- мамлекеттик сырларды коргоо жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча ишти жеке өзү башкарууга, чечилүүчү тапшырмаларды жана жагдайдын шарттарын эсепке алуу менен, жашыруун маалыматтар чыгышы мүмкүн болгон каналдарды жабуу боюнча чараларды көрүүгө;
- террористтик коркунуч деңгээлдерине ылайык бригаданын өздүк курамынын аракеттери боюнча документтерди иштеп чыгууга жана алардын аткарылышын контролдоого.";
18) 98-пункттун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- аскер кызматчыларына жана жарандык персоналга дүйнөдөгү жана турмуштагы окуялар, армиянын окуу-күжүрмөн иши жөнүндө маалымат берүүгө, өздүк курамга мамлекеттин ички жана тышкы саясатын, аскердик-саясий кырдаалды жана андан келип чыгуучу милдеттерди түшүндүрүүгө; өздүк курамдын коомдук-мамлекеттик даярдыгын уюштурууга; тарбия ишин жүргүзүүгө бөлүктөрдүн командирлерин окутууга;";
19) 102-пунктта:
а) төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- бригаданын офицерлери, прапорщиктери менен - ооруктук камсыздоону уюштуруу жана аскердик чарбаны жүргүзүү боюнча, ал эми бөлүктөрдүн старшиналары менен - роталык чарбаны жүргүзүү боюнча сабактарды өткөрүүгө;";
б) пункт төмөнкүдөй мазмундагы жыйырманчы абзац менен толукталсын:
"- материалдык каражаттардын запастарын түзүүгө жана сактоого контролду жүргүзүүгө.";
20) 113-пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи-жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"- эсепке алуу документтерин өз убагында тариздөөгө, материалдык каражаттардын, курал-жарактардын жана аскердик техниканын болушуна жана кыймылына, ошондой эле аларды эсептен чыгарууга контролду жүзөгө ашырууга. Айкындалган бузуулар жөнүндө бригаданын командирине билдирүүгө;
- кеминде жарым жылда бир жолу кызматтардын эсепке алуу маалыматтарын бухгалтердик эсепке алуунун маалыматтары менен салыштырып текшерүүгө;
- келишимдердин жана макулдашуулардын долбоорлорун жеке өзү кароого жана макулдашууга.";
21) Устав төмөнкүдөй мазмундагы 113-1-пункт менен толукталсын:
"113-1. Бригаданын квартира-эксплуатация кызматынын зардалы бригаданын командиринин оорук боюнча орун басарына баш иет жана бригаданын квартира-эксплуатация кызматынын өздүк курамынын тикелей зардалы болуп саналат.
Ал төмөнкүлөргө милдеттүү:
- бардык турак жай жана турак жай эмес имараттарды, суу түтүк-канализациялык тармактарды жана курулмаларды, казармалык шаймандарды жана эмеректерди туура иштетүүнү жана өз убагында оңдоону, казармалык-турак жай фондун, коммуналдык курулмаларды жана жабдууларды күз-кыш мезгилине даярдоону, бригаданы жайгаштырыш үчүн бөлүнгөн аймакты, ошондой эле суу булактарын, аба жана кабелдик электр тармактарын, жылуулук жана газ менен камсыздоонун тышкы тармактарын өз калыбында кармап-күтүүнү уюштурууга;
- бөлүктөрдү батир мүлктөрү жана отун-энергетикалык ресурстар менен камсыз кылуу жана бөлүштүрүү планын түзүүгө;
- бригаданын отун-энергетикалык ресурстарга, сууга, акчалай жана материалдык каражаттарга болгон керектөөсүн билүүгө, алардын туура жана үнөмдүү чыгымдалышын камсыз кылууга;
- жер участокторунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланылышына көз салууга;
- кеминде бир айда бир жолу квартира-эксплуатация кызматынын бөлүктөрдөгү жана бригаданын кампасындагы мүлкүнүн болушун жана абалын текшерүүгө;
- квартира-эксплуатация кызматынын казармалык-турак жай фондун, коммуналдык курулмаларын жана жабдууларын, жер участокторун инвентаризациялоону жана паспорттоштурууну жүргүзүүгө;
- казармалык-турак жай фондун, коммуналдык курулмаларды жана жабдууларды иштетүү үчүн өздүк курамды тандоону жүзөгө ашырууга.
Штатында квартира-эксплуатация кызматынын зардалынын кызмат орду каралбаган бригадаларда (батальондордо), анын милдеттери бригаданын (батальондун) командиринин оорук (материалдык-техникалык камсыздоо) боюнча орун басарына жүктөлөт.";
22) 4-главанын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "полк (бригада)" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "бригада" деген сөзгө алмаштырылсын;
23) 160-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- эс алуу жана маалымдоо бөлмөсү;";
24) 165-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"165. Жасаган эрдиктери үчүн ротанын тизмесине түбөлүккө же ардактуу жоокерлер катары киргизилген аскер кызматчылары үчүн эс алуу жана маалымдоо бөлмөсүндө көрүнүктүү жерге баатырдын портрети (баатырлардын портреттери) жана анын эрдигинин (алардын эрдиктеринин) сыпаттамасы жайгаштырылган такта илинет.";
25) 169-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"169. Бөлүктөрдө ок атуучу куралдар жана ок-дарылар, анын ичинде алардын окуулук нускалары суткалык нөөмөттөгү адамдардын такай кайтаруусунда турган өзүнчө бөлмөдө сакталат. Курал сактоо үчүн бөлмөлөрдүн (орун-жайдын) терезелеринде, желдетүүчү люктарында диаметри 10 ммден кем болбогон темир чыбыктан жасалган, торчо оюгунун өлчөмү 150х150 ммден ашпаган темир решеткалар жана торчо оюгунун өлчөмү 20х20 ммден ашпаган темир торчолор бекемделип орнотулушу керек. Тордун темир чыбыктары ар бир кесилишкен жеринде ширетилет. Куралды сактоо үчүн бөлмөнүн эшиги темир такта менен капталышы керек жана бөлмөнүн ич жагынан айнек менен жабылуучу 100х100 мм өлчөмдөгү карап турма терезеси болушу керек. Диаметри 10 мм болгон темир чыбыктан жасалган, торчо оюгунун өлчөмү 150х150 ммден ашпаган темир тор эшикти же жылдырма дубалды орнотууга жол берилет. Бул дубал бөлүк боюнча кезметчиге алып барылуучу, электрдик-үн чыгаргыч сигнализация менен жабдылышы керек. Бөлүктөрдүн (штабдардын) куралдарын сактоо үчүн бөлмөнүн шыбынын жабылмалары (шыптары), полу жана дубалдары бышык болушу керек жана бөлмөлөргө бузуп кирүүгө мүмкүндүк бербөөгө тийиш.
Ок атуучу куралдар бөлүктөрдүн өздүк курамына ведомостко же өздүк курамга куралды бекитүү карточкасына жеке өзү кол коюу менен бекитилип берилет. Ведомость ар бир окутуу мезгилине түзүлөт жана бөлүктөгү материалдык каражаттардын болушун жана кыймылын эсепке алуу китеби менен бирге сакталат.
Бекитилип берилген ок атуучу курал аскердик билетке (өздүгүнүн ырастамасына) куралдын үлгүсүн, сериясын, номерин жана берилген датасын көрсөтүү менен жазылат. Куралды берүү жана кайра тапшыруу жөнүндө ар бир жазуу бөлүктүн командиринин (штабдын зардалынын) койгон колу жана аскер бөлүгүнүн гербдүү мөөрү менен ырасталат.
Куралды кампага тапшырууда бөлүктүн өздүк курамынан куралды алуу куралды бекитип берүү ведомостунда аны эсептен чыгаруу жолу менен жүргүзүлөт.
Пулеметтор, автоматтар, карабиндер, винтовкалар жана кол гранатометтор, атайын куралдар, ошондой эле штык-бычактар пирамидаларда, ал эми тапанчалар жана ок-дарылар темирден жасалган, кулпуланып жабылуучу шкафтарда же ящиктерде сакталууга тийиш. Пирамидаларда жөө аскер күрөктөрү жана противогаздар да сакталат.
Окуулук курал жана окуулук ок-дарылар чыныгылардан бөлөк сакталууга тийиш. Өзүнчө пирамида болбогондо окуулук куралды чыныгы курал менен чогуу сактоого уруксат берилет, мында алар сакталган орун: "Окуулук курал" деген жазуу менен белгиленет. Спорттук курал чыныгы курал менен чогуу сакталат. Ал сакталган орун: "Спорттук курал" деген жазуу менен белгиленет. Окуулук жана спорттук куралды жана окуулук патрондорду берүү чыныгы куралды жана ок-дарыларды берген иретте эле жүргүзүлөт.
Айрыкча учурларда, өзүнчө бөлмө болбогондо, ок атуучу куралдарды, атайын куралдарды жана ок-дарыларды атайын жабдылган орун-жайларда суткалык нөөмөт адамдарынын такай кайтаруусунда сактоого жол берилет.
Бөлүктөрдө өздүк курамга бекитип берилбеген куралды сактоого тыюу салынат.";
26) 176-пунктта "14 сутканын ичинде" деген сөздөр "Аскердик антын бергенге чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
27) 178-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"178. Мөөнөттүү аскер кызматына чакырылган аскер кызматчыларынын жеке буюмдары туугандарына берилет.
Аскердик жыйындарга чакырылган аскер кызматчыларынын жеке буюмдары тартипке келтирилет, таңгакталат жана ротанын мүлкүн жана аскер кызматчыларынын жеке буюмдарын сактоочу кампада өзүнчө сакталат жана жыйын бүткөндө кайра берилет.".
28) 182-пункт "өздүк курамды жайгаштыруу схемасы," деген сөздөрдөн кийин "температуралык режимди контролдоо графиги," деген сөздөр менен толукталсын;
29) 219-пунктта "жок" деген сөз "болбогон" деген сөзгө алмаштырылсын;
30) 5-главанын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "полк (бригада)" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "бригада" деген сөзгө алмаштырылсын;
31) 240-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"240. Аскер бөлүгүнүн командири азык-түлүктү кабыл алуу, казанга салуу жана тамакты даярдоо процессине контролду уюштурат. Ал үчүн бөлүктүн командиринин орун басарларынын жана бөлүктүн кызматтарынын (бөлүмдөрдүн, бөлүмчөлөрдүн) зардалдарынын ичинен кызмат адамдары дайындалат.
Текшерүү үчүн дайындалган офицер бөлүк боюнча кезметчи, дарыгер (фельдшер) менен биргеликте ашканага келет жана ашкана боюнча кезметчинин, улук ашпозчунун катышуусунда меню-жайгаштырмадагы азык-түлүктүн ылайык келүүсүн жана алардын казанга толук салынышын текшерет. Бардык айкындалган мүчүлүштүктөр жөнүндө бөлүктүн командирине жана командирдин оорук боюнча орун басарына баяндайт.";
32) 6-главанын бүткүл тексти боюнча (293-пункттун алтынчы абзацын, 300-пункттун экинчи абзацын кошпогондо) ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "полк (бригада)" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "бригада" деген сөзгө алмаштырылсын;
33) 266-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"266. Бардык кезметчилерде жана алардын жардамчыларында сыпаттамасы укуктук ченемдик актыларда аныкталган төш белги (колго байлама) болууга тийиш. Төш белги (колго байлама) мурдагы кезметчи жаңы кезметчиге кезметти өткөргөндүгү жана кезмет кабыл алынгандыгы жөнүндө баяндамадан кийин өткөрүлүп берилет.";
34) 291-пунктта:
а) бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- душман ядролук, химиялык жана биологиялык курал колдонгон учурларда, ошондой эле табигый жана техногендик мүнөздөгү чукул кырдаалдар келип чыкканда (келип чыгуу коркунучу болгондо) нускамага ылайык аракеттенүүгө;";
б) он бешинчи абзацта "өрт чыкканда табигый кырсык" деген сөздөр "табигый жана техногендик мүнөздөгү чукул кырдаалдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
35) 293-пункттун алтынчы абзацында "2-мотоаткычтар полк (бригада)" жана "Полк (бригада) боюнча" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "2-мотоаткычтар бригадасы" жана "Бригада боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
36) 300-пункттун экинчи абзацында "өзүнүн полк (бригада)" деген сөздөр "өз бригадасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
37) 7-главанын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "полк (бригада)" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "бригада" деген сөзгө алмаштырылсын;
38) 8-главанын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "полк (бригада)" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "бригада" деген сөзгө алмаштырылсын;
39) 342-пункттун он экинчи жана он үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларын тереңдетилген медициналык текшерип чыгуу алар аскер бөлүгүнө келгенден кийин, Аскердик антты бергенге чейин өткөрүлөт.";
40) 354-пункттун расмий тилдеги текстинин экинчи абзацында "того" жана "из которого" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "той" жана "из которой" деген сөздөргө алмаштырылсын;
41) 356-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өздүк курам мончодо жуунган мезгилде, тартипти көзөмөлдөөгө жана мончонун орун-жайларын тазалоо үчүн мончо боюнча кезметчи, зарыл сандагы өздүк курам дайындалат, ал эми медициналык кароо жана медициналык жардам көрсөтүү үчүн кезметчи фельдшер дайындалат, ал аскер кызматчыларында гематома, дененин көгалалары, жаралары, башка травмалар, оорулардын белгилери (симптомдору) табылганда бригаданын медициналык кызматынын зардалына жана бригаданын (батальондун) башка кызмат адамдарына билдирет. Аскер кызматчыларынын жуунусун, ич кийим алмаштырууну жана самын берүүнү эсепке алууну бөлүктө ротанын старшинасы (өздүк курамдын мончодо жуунусун эсепке алуу китебинде) жүргүзөт.";
42) 361-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"361. Кезмет күчтөрүнүн жана каражаттарынын курамы, алардын жоокердик даярдыгынын даражасы, жоокердик кезметти өтөөнүн узактыгы, тартиби, өздүк курамды, куралдарды жана аскердик техниканы жоокердик кезметке (жоокердик кызматка) чыгууга даярдоо жана аларды алмаштыруу ушул Уставдын талаптарына ылайык аскер бөлүгүнүн командиринин буйругу менен, аскердик башкаруунун борбордук органынын, аскер кызматы каралган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилеринин же алардын орун басарларынын буйруктары жана директивалары менен аныкталат.";
43) 364-пунктта "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын зардалынын" деген сөздөр "аскердик башкаруунун борбордук органынын жетекчисинин биринчи орун басарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
44) 368-пункттун биринчи абзацында "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын зардалы" деген сөздөр "аскердик башкаруунун борбордук органынын жетекчисинин биринчи орун басары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
45) 10 жана 11-главалардын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "полк (бригада)" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "бригада" деген сөздөргө алмаштырылсын;
46) Уставга 2-тиркемеде:
а) ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "полк" деген сөз тийиштүү жөндөмөлөрдө "бригада" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 3-пункттун расмий тилдеги текстинин үчүнчү абзацында "вооружен" деген сөз "вооружена" деген сөзгө алмаштырылсын;
в) 4-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мисалы: "Жолдош генерал-майор. Суворов ордендүү Берлиндик 105-гвардиялык мотоаткычтар бригадасы Күжүрмөн Тууну тапшырууга байланыштуу тизилди. Бригаданын командири, гвардиянын полковниги Керимов".";
г) 7-пункттун экинчи абзацында "Полк (бригада)" деген сөздөр "Бригада" деген сөзгө алмаштырылсын;
47) Уставга 1-17-тиркемелерде "статьяга" деген сөз тийиштүү жөндөмөдө жана санда "пунктуна" деген сөзгө алмаштырылсын;
48) Уставга 4-тиркеменин 1-пунктунда "полктордо" деген сөз "бригадаларда" деген сөзгө алмаштырылсын;
49) Уставга 6-тиркеменин 2-пунктунун үчүнчү абзацында "Полктун" деген сөз "Бөлүктүн" деген сөзгө алмаштырылсын;
50) Уставга 8-тиркеменин 3-пунктунун экинчи абзацында "полктун (бригаданын)" деген сөз "бөлүктүн" деген сөзгө алмаштырылсын;
51) Уставга 9-тиркеменин 3-пунктунун экинчи абзацында "полктун" деген сөз "бөлүктүн" деген сөзгө алмаштырылсын;
52) Уставга 10-тиркеменин бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "полк" деген сөз тийиштүү жөндөмөлөрдө "бөлүк" деген сөзгө алмаштырылсын;
53) Уставга 11-тиркеменин аталышында жана бүткүл тексти боюнча:
а) ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "полк (бригада)" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "бригада" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 5-пунктта "полктук (бригадалык)" деген сөздөр "бригадалык" деген сөзгө алмаштырылсын;
54) Уставга 12-тиркеменин 2-пунктунда "полк (бригада)" деген сөздөр "бригада" деген сөзгө алмаштырылсын;
55) Уставга 13-тиркеменин 1-пунктунун жыйырма үчүнчү абзацында "Полк (бригада)" деген сөз "Бригада" деген сөзгө алмаштырылсын;
56) Уставга 14-тиркеме күчүн жоготту деп таанылсын;
57) Уставга 15-тиркеменин аталышында жана бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "полк (бригада)" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "бригада" деген сөзгө алмаштырылсын;
58) Уставга 16-тиркеменин 8-пунктунда "полктун (бригаданын)" деген сөздөр "бригаданын" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене.
"Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Свободные горы" газетасына 1-тиркеме, 1992-жыл, август) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 12-статьянын 2-бөлүгүнүн төртүнчү сүйлөмү "убактылуу турак жай жалдагандыгы (жалдоо) үчүн" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 19-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-статья. Куралдарды, атайын каражаттарды, аскердик жана атайын техниканы, кара күчтү жана кызматтык жаныбарларды алып жүрүү, сактоо жана колдонуу укугу
Аскер кызматчылары аскер кызматынын милдеттерин аткарууда, ал эми зарыл болгондо кызматтан тышкаркы убакта да штаттык (жеке) куралды, атайын каражаттарды, аскердик жана атайын техниканы алып жүрүү, сактоо жана колдонуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталуучу тартипте кара күчтү жана кызматтык жаныбарларды пайдалануу укугуна ээ болот.".
3-берене.
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы № 126 Мыйзамы ("Эркин Тоо" газетасы, 2004-жыл, 27-август, № 73-74) күчүн жоготту деп таанылсын.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Президент |
| С. Жээнбеков |