Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 23-октябры № 92
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2018-жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
тарабынан кабыл алынган
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 18-глава төмөнкүдөй мазмундагы 202-1 жана 202-2-статьялар менен толукталсын:
"202-1-статья. Жаныбарларды идентификациялоо эрежелерин жана талаптарын бузуу
"Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу -
- жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - элүү өлчөмүндө, кызмат адамдарына - жетимиш беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
202-2-статья. Биологиялык таштандыларды жыйноонун, утилдештирүүнүн жана жок кылуунун ветеринардык-санитардык эрежелерин бузуу, айыл чарба жана үй жаныбарларынын өлүктөрүн көмүү үчүн бөлүп берилген жайларды (мал көмүлгөн жайлар, биотермикалдык чуңкурлар жана крематорийлер) кармоонун эрежелерин бузуу, мал көмүлгөн жайлардын, биотермикалдык чуңкурлардын жана крематорийлердин аймагында малды жаюу
Айыл чарба жана үй жаныбарларынын өлүктөрүн көмүү үчүн бөлүп берилген жайларда (мал көмүлгөн жайлар, биотермикалдык чуңкурлар жана крематорийлер) малды жаюу, -
- жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Биологиялык таштандыларды жыйноонун, утилдештирүүнүн жана жок кылуунун ветеринардык-санитардык эрежелерин бузуу, айыл чарба жана үй жаныбарларынын өлүктөрүн көмүү үчүн бөлүп берилген жайларды (мал көмүлгөн жайлар, биотермикалдык чуңкурлар жана крематорийлер) кармоонун эрежелерин бузуу, -
- жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - элүү өлчөмүндө, кызмат адамдарына - жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
2) 509-статьянын 1-бөлүгү "195," деген цифралардан кийин "202, 202-1, 202-2," деген цифралар менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Президент |
| С. Жээнбеков |
|