Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 24-январы № 18
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2018-жылдын 13-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 765-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берененин 9-пунктунда ", өлчөмү пенсиянын базалык бөлүгүнөн төмөн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын пенсияларын кошпогондо, пенсиялар" деген сөздөр алып салынсын;
2) 9-1-берененин 1-пунктунда ", алардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык белгиленген пенсиялардын базалык бөлүгүнөн төмөн болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын пенсияларын кошпогондо, пенсиялары" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам 2018-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет жана жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыяланууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |