КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 5-декабры № 97
2017-жылдын 9-июнунда Астана шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча Конвенциясын ратификациялоо жөнүндө
2018-жылдын 1-ноябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2017-жылдын 9-июнунда Астана шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча Конвенциясы ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарий болуп саналган Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгына 2017-жылдын 9-июнунда Астана шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча Конвенциясын Кыргыз Республикасы ратификациялаганы жөнүндө грамотаны депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 11-декабрындагы N 101 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |