Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 11-январы № 3
Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2018-жылдын 6-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Аба кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 8, 1060-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-берене төмөнкүдөй мазмундагы 36-1-пункт менен толукталсын:
"36-1) "аба эркиндигинин бешинчи даражасы" укугу - үзгүлтүксүз абада ташууларга карата укук, ага ылайык чет өлкөлүк аба кемелери Кыргыз Республикасынын аймагында үчүнчү мамлекеттен келе жаткан же ага бара жаткан жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, жүктү жана (же) почтаны түшүрүү жана бортуна кабыл алуу укугуна ээ;";
2) 10-берененин 1-бөлүгүнүн 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) ушул Кодекстин 145-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууга уруксаттарды берүү;";
3) 141-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"141-берене. Чет өлкөлүк эксплуатанттардын эл аралык коммерциялык абада ташуулары
Аба кемесинин чет өлкөлүк эксплуатанты Кыргыз Республикасында эл аралык үзгүлтүксүз коммерциялык абада ташууларды жүзөгө ашырат:
1) "аба эркиндигинин бешинчи даражасы" укугун пайдаланган учурда - ушул Кодекстин 145-беренесинде каралган тартипте;
2) башка учурларда - Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык.";
4) 145-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"145-берене. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде чет өлкөлүк аба кемелеринин "аба эркиндигинин бешинчи даражасы" укугун пайдалануу менен учуулар
Чет өлкөлүк аба кемелери ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында абада ташуулар үчүн аба кемесинин бортуна үчүнчү мамлекеттен келе жаткан же ага бара жаткан жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, жүктү жана (же) почтаны кабыл алууга укуктуу.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) Бириккен Улуттар Уюмуна жана Жарандык авиациянын эл аралык уюмуна ушул Мыйзамдын кабыл алынышы жөнүндө кабарласын;
2) Кыргыз Республикасы менен аба жол катнашы жөнүндө макулдашууларга катышуучу-мамлекеттерге ушул Мыйзамдын кабыл алынышы жөнүндө кабарласын;
3) алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 15-январындагы N 2 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |